- 1924-27-жылкы карта менен чек араны аныктай турган болсок, кыргыздарга Жерге-Тал менен Мургабды кайрып алууга мүмкүнбү?

- Биринчиден, эң оболу чоң катачылык ошол кездеги кыргыз бийлиги тарабынан кеткен. 1927-1928-жылдары ушул эки кыргыз райондорунун тагдырын чечүүгө Өзбек респубилкасынын курамынан тажик автономиясын бөлүп чыгаруу  себеп болгон. Өзбек бийлиги  Самаркан, Хива, Бухара сыяктуу шаарларды жана анын айланасындагы жерлерди  тажиктерге кайтаруунун ордуна, мушун катуу эле түйгөндөй. Балким Сталинге деле кой терисин жамынган  тажиктер тууралуу  бир катар компроматтар жеткирилсе керек. Натыйжада, жери азыраак болуп турган абалдан чыгуу үчүн Жерге-Тал, Мургабды  Кыргызстандын курамынан чыгарып, аларга кошуу  идеясы жаралгандай. Албетте, ал кезде кыргыздардын оюу жеткен менен колу жетпей турган чагы эле Кремлге-Стакеге. Бирок силердин аймагыңардан ыраагыраак тура, боордош республикалар болгондуктан сендеби, мындабы айырмасы не дегендей  коммунисттик акыл иштеп кетип,  болоору болуп боёосу канган. Ооба, биздин ошондогу жетекчилер катуу турушса болмок, жок дегенде Мургаб, андан ары Хорог  Ош шаары менен чиеленип байланышкан  жерлер экендигин, жолдун да жападан жалгыздыгын айтышса болмок. Сталин али ички душмандарды чекеден кырып жаткан кез эмес беле. Ошон үчүн айталышпагандай. Баары бир бир канчасы кийин 1937-жылы атылып кетпедиби...Аттиң...

Экинчиден, карталар менен аныктоо дегенди кантип түшүнөбүз. Анткени, 1928-жылга чейин аталган жергелер Кыргыз респуликасынын картасында ачык эле чийилип, көрсөтүлүп турат. Маселе, Салиндин чечиминде жана ал кандайча, кайсыл негизде  бекиткенинде. Ошол документтерде.  Демек, кайтарып алуунун жолдору деле бар. Бирок ал жүзөгө ашыруу  өтө оор маселе... Биринчиден, биз чыгышта жашайбыз, "Восток дело тонкое"... акыл күчкө караганда күч акылга басым жасап келебиз... Кечээки Баткендеги агрессия буга ачык күбө. Суу башын шылтоолоп, Лейлекти анклавга айландыруу учүн ошол тажиктер  не деген гана итчиликти жасашты. Баса, бул тууралуу УКМКнын башчысы К.Ташиев деле билдирүу жасаган болчу. Дили, тили башка болгону менен дини бир коңшулаш өлкөдөгу авторитардык бийлик турганда  бул маселени көтөрүүнүн өзү  кезектеги чагымдарга жол ачат. Азырынча көнүлгө түйүп, ушул эки район насилинде кыргыз жергеси дегенди ар бир кыргыз билиши керек. Эми жалаң  кыргыздар жашаган чөлкөмдү кыргыздыкы десек, улутчул дешсе, капа болбойлу...  Кырдаалды  курчутуп тажик тарап  кыргыздарды жашаган жерлеринен чыгаруу кадамдарын жасаса, ал боордошторду жылуу кабыл алып, жайгаштырып, жооп катары  кыргыздын жеринен тажиктерди кууп чыкпай, кадырың жан болсун, "сабырдын түбү сары алтын" деген болуп  койсок... утуш биздики...  Дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде ошол эле перс дүйнөсү, түрк дүйнөсү мунун баарысын тыкыр карап турбайбы...

Ошон үчүн оболу Баткен, Лейлек жактагы чек арабыздын тагдырын биротоло чечип, демилитация жана демаркацияны бүтүрүп, кыргыздын кызыкчылыгын ары түртө бергенибиз оң. Анткени, Хорог автономиялуу облусунун тагдырынан улам бир кезде тараза ташы биз тарапка өзүнөн өзү ооп кетиши бар.  Ошондуктан, айкөлдүк, сабырдуулук  кылалы...Биз кыргызбыз го акыры Манас бабабыздын туусун желбиреткен...