Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 670

- Сонунбүбү эже, эмнегедир маданият министри айрат Иманалиевди сынга алдыңыз. Ал иштин көзүн таппай жатабы же ишин эптей албай жатабы?

- Кайрат Иманалиев КТРКда көп жыл орун басар болуп отурду. Бирок, чечкиндүү бир деле жумуш жасаган жок. Маданият министрлигине орун басар болуп келгенине деле төрт -беш жыл болуп калды окшойт. Бир деле өзгөрүү киргизе алган жок. Ошондонбу, маданият кызматкерлери бул министрлик бар экенин унутуп деле баратышат. Ойдогусу ойдо, кырдагысы кырда, өз кара жаны менен алек болуп калышты. Ал эми Маданият министри болуп келгенине беш ай болду. Али эч нерсени баштай элек. Эмнени күтүп отурганы белгисиз. Кыскасы, кезектеги жогортон түшкөн мамлекеттик жалпы агымдын инерциясы менен эле арыбери чайпалып жүрөт. Той-топурга барып, бирөөлөр уюштурган ишчараларга катышып коёт, ошого ыраазы. Эптеп изин таап басып жүргөнүнө курсан. Эң негизгиси Кайрат Иманалиевде лидерлик өзгөчөлүк жок. Анткени, жанына келип шыйпаңдагандар, жасакерлер менен гана иш алып барып, ошолордун фонунда кадыр-барктуу көрүнгүсү келет. Калыстык, чыныгы чыгармачылыктын солдаттарына көңүл бөлүп, акыбалын суроо жөнүндө ойлонуп да койбойт.

-Эң негизги катачылыгын айтыңызчы?

- Катачылыгы канчалаган маданий кызматкерлер ойдогусу ойдо, кырдагысы кырда кара жаны менен алек болуп калды. Ошолордун башын бириктирип, мамлекет үчүн пайдалуу иш кыла албай жатат. Тагыраагы, кыргыздын өтө таланттуу жаратман жарандары көп. Бирок ошолордун кайнап жаткан кайталангыс чыгармачылык духун бир өзөккө чогултуп, өлкөнүн өнүгүшүнө бура албайт.

Башкаруу, жетекчилик бир гана жакшы чыгарма жаратуу менен чектелбейт да. Жазганына, чыгармаларына эч кандай сын айта албайм. Ошентсе да министрликтин ишин жакшы жазылган драмалар менен бүтүрө албайт да, туурабы? Ал жерде күнү-түнү башын сайып, уйкудан калып, тамагын ичсе ичип, ичпесе ошого да убактысы болбой чуркай турган “дыйканчылык” турат. өз ишинин дыйканы болбосо анын жемиши болбойт. Ошон үчүн иштөө стилин өзгөртүшү керек же бул министрликти ажарын ачып, иштей тургандарга бериши керек.

- Мүмкүн анын иши сиздин купулуңузга толбогону менен башкаларга жагаттыр?

- Андай болушу мүмкүн. “Тиги колундагы планшеттеги сөздөрдү мен жазып берип турам. Ал болбосо эмнени сүйлөмөк”- дегенчелик кылып өзүн өтө эле ишеничтүү сезип, анчамынча кадрлар ушул жигиттин колунан өтүп, ордо оюнун колго алып баратышат. Саясат өзү оюн. Шахмат. Оюнду ойносо ойносун. Бирок, халтура оюн менен алыс узабашын эсине түйүп койсун. Ал өзүн эле эмес, горизонтун кошо ала жатат.

Баса, андан сырткары дагы бир өтө баса белгилеп айта турган бир учур бар. Ошону айта кетейин. Садыр Жапаров бала-чакасы менен кызыл-жаян кан болуп, Атамбаевдин буйругу менен Сегизбаев чыркыратып камап, сабап жатканда Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп турган. Ошондой чынчыл, мекенчил, кайраттуу, эл деген чыныгы эр азамат болсо, Садыр Жапаровдун туура эмес кармалганын айтып, калыстыгын көрсөтпөйт беле. Унчукпай, Жапаров деген жерден бир чакырым ары айланып өтүп жүргөн. Бизге окшогон чындыкты издеген жарандар ошондо азабын тартып куугунтукталып, жумушка алынбай жүргөнбүз. Ошого кайыл болуп аягына чейин туруп бердик. Азыр да ачык чыгып, коргоп-коштоп жатабыз. Ушул учурда да “мен болбосом кайда барышат эле”- дегендей жерден доош чыкса чыгат, буга окшогондордон доош чыкпайт. Болбосо калыстыгын айта турган учурлар көп эле болуп атат. Бирок булар унчукпайт. Себеби жаңылыпжазып бирөөнүн куйругун басып алып, балээсине калбайын деп кылтылдап араң отурушат.

Аэлита САТЫНДИЕВА, Булак: "Майдан. kg" гезити