Баткенге тажиктер куралдуу кол салып, элдин көңүлү ошол жакта болуп, өлкө кайгы жутуп турса, айрымдар арам ойлорун ишке ашыруу үчүн Бишкектин чок ортосунда митинг уюштуруп, калп эле “курал бергиле, Баткенге барабыз” деп кыйкырып чыгышты. Бирок, өкмөт аларга автобус, аскер машинелерин токтотуп берип, Баткенге барчуларды түшкүлө десе, бири дагы Баткенге барууга батынбай, коркоктук кылышты. Тагыраагы, алар өздөрүнүн чыныгы максаттары эмнеде экендигин элге билдирип алышты.
Ошол 1-май күнү атамбаевчилер эле митингге чыкты экен десек, көрсө “Чүй ынтымагы” комдук бирикмесинин мүчөлөрү дагы өтө активдүү түрдө бул митингдерге катышканы белгилүү болду. Кыйкырык-чуу кылышып, ара-чолодо Өкмөт үйүнө дагы чабуул жасаганга үлгүрүштү. Мына, алардын максаты! Алардын максаты, өлкөдөнүн түштүгүндөгү элдин абалынан пайдаланып, бийликти алуу болгон.
Айтмакчы, бул “Чүй ынтымагынын” аркасында ЖК чүйлүк депутаттары Канат Исаев менен Бакыт Жетигенов тургандыгын тегерегиндеги жигиттери айтып жатышат. Алар артта турушуп, өз идеяларын берип, жең ичинен каржылап жатышат.
Булардын аракети ошол 1-майдагы митинг менен эле токтобосу дагы белгилүү болду. Бакыт Жетигенов жана Чүй облусунун жетекчиси болгон Азамат Мусакеевдер Чүй элине күнүнгө ифтар уюштурушуп, «Чүй ынтымагынын» тың чыкма, активисттерине өз пландарын айтып, тополоң болуп кетсе чүй эли дароо кошула карууга даяр турушу керектигин ачык эле айтышып, алакандарын ушалап турушат экен.
Тагыраагы орозо бүткөндөн кийин дагы митинг уюштурушуп, баягыл эле Баткенди тема кылып, ким күнөөлүү, ким жооп берет деген тажатма талаптарды коюп, арам максаттарын ишке ашырууну көздөп жатышкандыгы ошол эле чүйлүк жигиттер аркылуу айтылууда.
Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Балким, бул депутаттар атамбаевчилер менен дагы сүйлөшүүлөргө баргандай. Бакытбек Жетигенов КСДПдан депутат. Ал тургай «атасы» Атамбаевге болушуп, агасы – «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди сабагандыгын дагы жакшы билебиз. Бирок, чүйлүктөр намыстанып, бул ишти бас-бас кылып коюшкан. Эми ошол касташкандар кайра биригип, бийлик үчүн бирге аракет кылып жаткандыгы таң калтырат. Баса, Бакыт Жетигеновдун «каралар» менен катыштыгы бар делип бир учурларда, тагыраагы ал «Ар-Намысчыл» депутат болуп турганда, ИИМ коомчулукка жарыя кылып чыкканын дагы эске салып коюш керек. Уюшма кылмыш топтун лөгү аттыккан Алмаз Бокушевдин досу деген маалымат ЖК трибунасында айтылганда ал өзү Бокушев менен чогуу окугандыгын тастыктаган.
Мына ушундай жагдайларды эске алганда, «Чүй ынтымагынын» таянары дагы кримчөйрөдөгү адамдар сыяктанат. Ошол беш-алты жыл мурда эле ИИМ Чүй облусунун Жайыл районунда дагы бир уюшкан кылмыш топтун лидери Алмаз Бокушевдин кол астындагыларды жергиликтүү кеңештерге, мамлекеттик органдарга түртүү активдүү болуп жаткандыгын билдирген. Ал маалыматка таянсак, Алмаз Бокушев менен байланышы барлар анын курсташы, досу “Ар-намыс” фракциясынан ЖК депутаты болгон Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович, Жайыл районунун акими. Алмаз Бокушевдин өкүл баласы Ногоев Турусбек Молдобекович, Кара-Балта шаардык кеңешинин спикери, “Эл-Аман” партиясы тарабынан көрсөтүлгөн. Адам өлтүрүү боюнча кылмыш жообуна тартылып, иш Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан токтотулган. Алмаз Бокушевдин тобунун мүчөсү Сүйүмбаев Таалайбек Бектурович, Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты. Алмаз Бокушевдин тобунун мүчөсү Жээнбек уулу Белек, Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты. Алмаз Бокушевдин тобунун мүчөсү Жумагулов Руслан Доктурбекович, Кара-Балтадагы Жылуулук борборунун абоненттик байланыш бөлүмүндө иштеп, жылуулук борборун көмүскө жетектеген, Алмаз Бокушевдин тобунун активдүү мүчөсү Жумагулов Рустам Мырзабекович, Зома деген каймана аты бар. Москва районунун тургуну, мурда соттолгон. Жергиликтүү кеңештин депутаты, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү Болжокеев Замирбек Абдыманапович сыяктуулар.
Ошондуктан, алдыда дагы абалды чайпоо аракеттери болбойт деген кепилдик жок. Эл ынтымакта туруп, мындай оюу бузуктарга жол бербешибиз керек. Ансыз дагы өлкө тонолгон абалга кептелип, өз арабасын тартуу кыйын болуп турган учурда, ынтымак менен алдыга жылбасак, бийлик көксөгөн эргулдарга элдин жыргалчылыгы, тынчтыгы, бейкуттугу тыйынча дагы кереги жок экендиги далай ирет далилденди. «Чүй ынтымагы» бирикмесиин ак сакал, көк сакалдары дагы ойлонушу зарыл. Кыйындыкта эл бирикпесе, куру намысчылдык, элди бөлүп-жаруу, биздин дубандан «эл башына бирөө келиши керек» сокур саясат жакшылыкка алып келбейт. Биримдиктин жоктугунан эл жакшы эле чабылды.