Муну кандай түшүнсѳк болот? Кош стандарттуулукпу? Бишкек ЖЭБин модернизациялоо шылтоосу менен ѳлкѳ бюджетине ондогон миллион доллар зыян келтиргени үчүн соттолуп, жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳп жаткан жеринен ѳткѳн жылдын 6-октябрындагы башаламан учурдан пайдаланып, ѳлкѳдѳн сыртка качып, изин жашырып кеткен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эмнеге Россиядан алып келинбей жатат?
Анын жүргѳн, жашаган жери эч кимге жашыруун болбой калды. Социалдык тармактарда ѳзүн билдирип, акыл үйрѳтүп, майрам менен элди куттуктап, сүрѳттѳрүн чыгарып, ээн эркин эле жүрѳт. Анысы аз келгенсип ѳзүн Кремлдеги таасирдүү адамдар колдоп жаткандай таасир жаратуу үчүн бул жактагы троллдору аркылуу мактатып, жактатып, оң коомдук пикир түзүү иштерин да жүргүзүп келатат.
Таңкалыштуусу, АКШдагы Аскарбек Шадиевди эстеген күч түзүмдѳрү эмнеге Москвада эле жүргѳн Сапар Исаковду ойлобой жатышат? Же мында биз билбеген бир мандем барбы? Сапар Исаков менен бирге сыртка качып кеткен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов Казакстанда эле жүрѳт дейт. Ал болсо такыр эле унутулду, аны эстеген жан жок. Бийлик башында отургандар буга кандай жооп беришет?
Булак: “Майдан. kg” гезити