- Каныбек агай, тажиктер өздөрү согушту баштап алып, кайра бет тырмалык кылып,  дүйнө элине  жабырланып калгандай түр көрсөтүүгө ашыгып жатышат го?

- Кечээги  кыргыз-тажик чек арасындагы бир тараптуу кол салууну биз эч убакта “чек ара жаңжалы” деп жумшартып атабашыбыз керек. Бул - тажик бийлиги тарабынан өтө дыкаттык менен уюштурулган согуштук агрессиясы болду! Тынч жашап жаткан кыргыз элине тажик аскерлери өзүлөрүнүн бүт согуштук арсеналын каршы колдонушту.  Баскынчылыктын анык жана так белгилерин көрсөтүштү. Анан биздин расмий бийлик менен жергиликтүү элибиз кайраттуулугун көрсөтүшүп, акыл жана токтоолук менен миздерин кайтарышканда, кайпалактап ар түрдүү айла-амалдарга өтө башташты. Бирок, дүйнөлүк коомчулуктун алдында абийирлери төгүлүп жатат. Биз мындай коркунучтуу согуш кылмышкерлерин, албетте, жөн койбойбуз. Алардын согушту жана кыргынды амал катары көргөн бийликчилдери эртеби - кечпи өз жазаларын алышат. Кыргыздын каны эч качан коё берген эмес. Мен бул аксиомага ишенем! Тажик тарап азыр канчалык байкуш болуп көрүнүшпөсүн, баары бир алардын согуштук кылмыштары бир чекеден далилденип келе жатат.

- Алар эки жүздүүлөнүп койсо эле дүйнө коомчулугу аларга ишенип калабы?

- Дүйнөлүк коомчулук азыртан эле баарын туура баамдап билип калды десек болот. Маалыматты таратуу жагынан биздикилер деле катуу иштеп жатышат. Эч күнөөсүз курман болгон мекендештериме гана жүрөгүм канап, ооруп калдым. Биздин кыргыз элинин айкөлдүгүн уруп ойнобогон чет элдиктер эзели эле оңбой келишкен. Буга карт тарых күбө! Тажиктер канчалык жойпуланышпасын кыргыздын каны аларды соо койбойт! Эл аралык сот аркылуу бул канкорлордун жазаларын катуу берип коё турган күндөр алыс эмес!

- Эми тажиктер бизге кол салбайт деп ынансак болобу же даяр турушубуз керекпи?

- Эми тажиктерге ишенип болбой калды. Өзүнүн диктатордук башчыларына кул катары баш ийип, айткандарына кыңк этпей баш ийген бир топ макулуктары бар турбайбы? Албетте, жалпы тажик элине мындай дооматты үргүлжү коюуга болбойт. Алардын дагы жакшылары бар, албетте. Бирок, расмий бийликти Кудайындай көрүп алып, кошуна элге кыргын салган жексурларды биринчи жолу көрүп отурабыз. Ошондуктан биз өзүбүз ар дайым согушка даяр турушубуз керек. Тоготпой коюуга болбой калды. Курал-жарак, аскер тактикасы, жана башка зарыл иш-чараларды тынымсыз камсыз кылып туруубуз керек. Керек болсо, каардуу жана күчтүү согуштук доктринабыз болуусу абзел! Эч кимге ишенбейли, туугандар. Өзүбүздүн коргоо чараларыбызды катуу көрүп алышыбыз керек экен. Буга чейин коррупцияга малынып келген күч структураларын кайра куруу - бул бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы болуп калды!

- Биз тажиктерге тете жооп бербей тынчтыкты сактоого, согушту токтотууга аракет кылганыбыз акылдуулук болдубу же?

 - Албетте акылдуулук болду. Эгерде биз ошол тажиктер тарабынан таңууланган согуштук авантюрага баш-отубуз менен кирип кеткенибизде аягы эмне менен бүтөөрүн билип эле калдык го? Көп кан төгүлмөк. Балким көптөгөн жылдар бою согуштан башыбыз чыкпай калмак. Эгемендигибизди калчап ойногон сырткы “оюнчулар” басып эле киришмек, шылтоого шынаа таап алышып. Кыскасы, мындай апаат эки тарапка тең зор кыйынчылыктарды алып келмек. Кудай сактап, биз тарап салкын кандуулук менен кризистик абалдан чыгып кете алды. Өлгөн мекендештер үчүн жаныбыз кейип, заманыбыз тарып турат. Бирок, келечекти ойлойлу. Согуштук агрессорлордун кылмыш иштеринин беттерин ачып гана шейит кеткен бир туугандарыбыздын өчүн ала алабыз. Кийинки муундарыбыз үчүн катуу сабак болду. Мындан ары катуу турбасак болбой калды. Ата-Мекенибиз бирөө гана экенин унутпайлы.

- Баса, “Кумтөрдү” иштеткен “Центерраны” Октябрь райондук соту  экологияга келтирген зыяны үчүн  261,7 млрд. сом доого жыкты. Эми алар катачылыгын мойнуна алабы?

- Октябрь райондук сотунун жогоркудай чечими Кыргызстан үчүн чоң жана жагымдуу прецеденттик окуя болду. Мурда деги эле мындай чечкиндүү кадам болгон эмес. Бул дагы болсо азыркы расмий бийликтин туура позициясы болуп жатат. “Центерранын” экологиябызды ырайымсыз түрдө талкалап келгенин ким жашыра алат? Кыргыздын чыгаан патриот уулдары - Нарис Калчаевдер баш болгон жарандар зор эрдик кылышты десек, албетте, жарашат. Соттордун кийинки инстанциялары дагы колдошот деп үмүт артып туралы! Кечээги соттун чечиминин эбегейсиз чоң моралдык утушу бар. Айсберг ордунан жылды! Ошол соттун чечимин катуу карманып, канадалык фирманын шаштысын алууга эмнеге болбосун? Элдик контроль уюштуруп алып катуу көзөмөл жолуна өтүшсө болот. Анан эл аралык сотторго кайрылышат. Ал жерден деле катуу күрөш ачып, жеңишке жетишүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар! Мындан ары эми биздин тиешелүү бийлик органдары чечкиндүүрөөк болушса деген гана тилегим бар!

- Бирок, бизнес Омбудсмен тескери сүйлөп жатат го?

- “Центерра” инвестор эмес. Бул - эл аралык шылуундар уюштурган чоң афёра. Биздин мурдагы президенттердин баарысы алардын “лакейлери” болуп келишкен. Анын үстүнө бир нече мурдагы атка минерлер дагы уурулук акцияларга ээ болуп алышкандыктарын жакында эле көрдүк го. Мына ошолор кыргыз элинин накта душмандары. Алар “Центерра” үчүн өз ата-энесин дагы сатып жиберүүгө даяр болушкан наадандар! Бизнес-Омбудсмен  Кыргызстандын гүлдөп өнүгүп кетээрине күйгөн сапаты бар экенине ишенбеймин. Ага баары бир. Элди тоной турган “шылуун инвесторлордун” келгенине караганда ары эле оодарылып кеткени артык. Алардын жүзү курусун! Азыркы бийлик инвестицияны тартып келүү жана аны коргоо боюнча атайын министрлик ачты. Менин оюмча бул ведомство ачык-айкын жана мекенчил саясатты жүргүзүүгө багыт алды. Андан көрө ушундай демилгелерди колдоп туралычы, кайдагы эле бир чет элдик “жан күйгүзүмүш” болгон адамга ишенип албай!

- Эгер “Кумтөрдү” иштеткен компания кыргыз бийлигин эл аралык сотко берсе, утулуп калбайбызбы?

- Эл аралык соттон коркуунун кереги жок. Болгону сабаттуу юристтер менен иштөө керек. Ал сотту оңой эле утса болот. Ниетибизди оң кылып, бирдикте болсок, баарын утабыз!

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити