Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 284

Тажик тарап Кыргызстан менен болгон чекара тилкелерин аныктоодо ар качан Ворухту ортого койо сала, жеке кызыкчылыктарына басым жасап келет. Ал тургай ар качан чек ара маселесин чечүүгө аракет жасалганда тажик тарап 1924-1927 жылдардын карталарын карап чыгууну көтөрүп чыга калышат. Анткени, ал жерде Ворух Кыргыз Республикасы менен коридор катары байланышкан. Ошол эле маалда Тажик тарап айтып жаткан 1924-1927-жылдардагы карталарга таянсак, азыр Тажикстандын курамында турган Мургаб району Кыргыз Республикасыныкы болгон. 

Эгер тажиктер Ворухту алгылары келсе анда Мургабды Кыргыздарга бериши керек!

Мындай практикалар дүйнө мамлекеттеринде болуп келген. Тажик тарапка Ворух кандай баалуу, канчалык керек болсо Кыргыз тарапка Мургаб менен Жерге-Тал да так ошондой баалуу, ошондой керек. Тажикстандагы бул эки Кыргыз району тарыхый мекени менен эртеби кечпи биригиши керек! Коӊшулар калыстыкты талап кыла турган болсо анда биздин да талаптарды аткаруулары абзел. 

Өздөрү койгон талапка ылайык таразанын экинчи табагы да теӊ салмактуу болушу керектигин тажик тарап түшүнүүсү шарт. Ага көнбөй эле өткөн доордогу ар кыл карталарды алып чыга калып, өз кызыкчылыгына эле таянып ары-бери чойгулай берсе Кыргыздар оозун ачып олтура бермек беле. Бүгүн коом өзгөрдү, Тажикстанды билбейм, бирок Кыргызстанда ушу тапта мындай олуттуу маселелер бир гана президенттин каалоосу менен эмес, элдин пикири эске алынуу менен, анык адистер маселени талдап чыккан соӊ гана чечиле турган деӊгээлге жетише алды.

Андыктан Тажик тарап “1924-27 жылдардагы карта”-деген жомогун токтотушу керек. Азыр Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы эркин мамлекет. Чек ара маселесин ушул турушунда, келишүүлөр менен чечип алуулары өз колунда. Ага кайсы бир далил же башка тарыхтын кереги жок. Ага бүгүнкү учур, мезгил далил. 

Эгер тажик тарап мындай чечимге кадам салбаса, эки тараптын кызыкчылыгы бирдей болушун каалабаса анда Ворух тууралуу сөз кылбашы керек. 

Эгемен Кыргызстан үчүн Совет доорундагы тажик тарап менен болгон бардык карталар жараксыз жана юридикалык күчкө ээ эмес.