-1924-27-жылкы карта менен чек араны аныктай турган болсок, кыргыздар Жерге-Тал менен Мургабды кайрып алууга мүмкүнбү?

-1924-27 жылкы карта менен болсо бизге кайра жакшы. Деги эле тарыхка кайрылсак тажик деген улут жок - перстер анан  Иран мамлекети бар. СССР Осмон империясынан кийин Түрк элдерин бөлүп - жаруу үчүн Түркстанды жоюп,  кыргыз, казак, өзбек, тажик, түркмөн деп бөлүп жиберген. Ошондо Сталин Өзбекстанга кирген улутту жасалма жол менен тажик деп чыгарып,  Кыргызстандын жерин алып Тажикстан деген жаңы мамлекет пайда кылган. Андай кылбаганда бүгүнкү проблема болбойт эле. Жерге-Тал, Мургаб, тоолуу Бадахшан, Памир кылымдардан бери Кыргыз жашаган кыргыз жерлери. Ал жерлерде азыркы күнү да кыргыздар жашайт. Ошон үчүн Рахмон Кытайга берип жиберди.

Бул маселени чечиш үчүн СССР убагындагы карталарды Россия көтөрүп чыкса калыс  болмок. Ошон үчүн Россия менен сүйлөшүүлөрдү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүшүбүз керек. 

Бүгүнкү күнү тажиктер жеңген тарап болуп, өзүнүкүн таңуулап жатат. Бирок бизге Азербайжан мисал болушу керек. Алар да алсыз болуп турганда жерин Арменияга тарттырып жиберген. Азыр нефти бар, бай мамлекет, эл аралык деңгээли бар. Эрдоган колдоп канча жылдан кийин кайра тартып алды. Кудай буюрса, Кыргыздын башына да ушундай тарыхты Кудай насип кылсын!