-Манас мырза, 1924-27-жылкы карта менен чек араны аныктай турган болсок, кыргыздар Жерге-Тал менен Мургабды кайрып алууга мүмкүнбү?

-Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков да, ушул маселени козгоп жатат. Бул абсурд маселе. Бир дипломат   кошуналар арасында кайраштыруучу болбошу керек. Менимче, Жерге-Тал, Мургаб райондорунун статусу эч качан өзгөрбөйт. Ал райондорду алуу биз үчүн кыял бойдон калат. Биринчиден, Мургаб районун Ворух анклабына алмашуу маселеси өзү туңгуюктагы иш. Азыр Фергана өрөөнүнө сырткы күчтөр от жагып атышат. Кайсы өлкө этият болбосо, ошол элди да, жерди да өрт каптайт. Андыктан, жаңжалдын эшигинде турган өлкөлөр, айрыкча, дипломаттар этиятташы керек!

-Камчыбек Ташиев Баткенге  айланма жол курууга макул болгонун мактоого алгандар да, ошол эле мезгилде сындагандар да болуп жатат. Маселени чечүүнүн андан башка жолу жокпу?

-Мен Камчыбек Ташиевдин чек ара боюнча кылган аракетин колдоп атам. УКМКнын төрагасы ооруса да колун таштын алдына койду. Колунан "пок" келбегендер азыр сындамыш болуп жатат. Бул маселени качандыр кимдир бирөө бүтүрүш керек болчу. Эми, чек ара сот ишине окшогон нерсе. Элчилик деп коёт. Бул иштин ыраазы болгон тарабы аз болот. Анткени, чек ара чыры саясий маселе. Кандай болгондо да, ушул маселеде Камчыбек Ташиевди жапырт колдоого алуу зарыл деп ойлойм.