-Камила эже, кыргыз-тажик чек арасын 1924-1927-жылкы карта менен аныктай турган болсок, кыргыздар Жерге-Тал менен Мургабды кайрып алуу мүмкүнчүлүнө ээ болобу?
-Албетте, толук мүмкүн. Тарыхтын барактарын барактап карасак, ал жылдары тажиктер республика катары картада жок болчу. 1929- 1930- жылдары гана кыргыз менен өзбек элинин жерлеринен бөлүп берип, буларды өз алдынча мамлекет болушуна шарт түзгөн. Түрк тилдүү Орто Азиядагы элдердин ичине келип жалгыз жашап калгандары үчүн кошуна мамлекеттерге ыраазы болуп, ынтымакта гана жашаса болмок, тилекке каршы, булар эсиришти.
Андыктан, али да кеч эмес, жалпы элибиз кыргыздын тарыхый жерлери болгон Мургаб менен Жерге- Талды толук бойдон талап кылып, өз карамагыбызга өткөрүп алууга учур келди.