-Нарынбек агай, Октябрь райондук соту Кумтөрдү иштеткен компанияны экологияга келтирген зыяны үчүн доого жыккан чечим чыгарды. Эми алар  көрсөтүлгөн каражатты  толук төлөйбү же төлөбөштүн аракетин көрүшөбү? 

-Негизи Октябрь райондук соту мөңгүлөрдүн жок болушу, экологиянын бузулушун эске алып, жакшы чечим чыгарыптыр. Лысый, Давыдов мөңгүлөрү талкаланып жатканын  Атамбаевдин бийлиги  деле билчү. Бирок өз кызыкчылыктары үчүн бул маселе көтөрүлсө да, унчукпай коюшкан. Ошон үчүн мөңгүлөр талкаланып жатат деп маселени кабыргасынан койгондордун аракети колдоо тапкан  эмес. 

Эми соттун чечимине Кумтөрдү иштеткен ишкана  кандай реакция кылаарын көрөбүз го. Менимче,  алар акыркы огу калганча биз менен атышат. Тагыраагы, эл аралык сотко чейин барып, төлөбөй коюуга аракет кылышат. Бирок экологияга  келтирген чыгымдарын баарын  далилдеп беришибиз зарыл. Эл аралык сот десе эле коркуп калбашыбыз керек.

-Бизнес акыйкатчы айткандай эми инвесторлордун баары качып кетпейби?

-Кыргызстанга келе салайын деп шашып жаткан деле инвестор жок. Ошон үчүн сот чегерген каражатты өндүрүп алуунун аракетин көрүшүбүз керек. Анткени,  алтындын запасы деле түгөнө элек. 700 тонна бар. Ошон үчүн  Кумтөрдү казып жаткан инвесторлор деле качып кетпейт. Күрөштү күчөтүп, келтирген зыяндарын төлөтүп алуунун жолун таап, төлөгүлө деп  талап кылышыбыз керек. Ошондой эле алтынды казган татаалдашса да, чыгымы көп болсо да казышыбыз керек. 

Кыскасы, алар сот чегерген сумманы төлөп беришсе,  Кытайдын 1 млрд 762 миллион карызынан кутулуп калабыз. Ошон үчүн   Кумтөрдү экологиялык доого жыксак, бөлөк инвесторлор качып кетет дегенге ишенбешибиз керек.