Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 316

Айрымдар болгону 3 чакырымды түзгөн жол пайдаланууга берилсе, Ворух анклав болбой, Тажикстандын материги менен байланышып калып, тескерисинче Лейлек району, Сүлүктү шаары толук жана Баткен районунун жарымы өзү анклавга айланып каларын айтышууда.

Бул боюнча 1-майдагы Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын № 39 Протоколунун экинчи жана үчүнчү маселеси боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү түшүндүрмө берди. Анда мындай деп айтылат:

Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын  жазууга киришүүнү макулдашты.

Ошол эле учурда автожолдун курулушу Баткен районунун аймагы боюнча тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөйт.