Тажикстандын генерал-майору Хуршед Изатулло Мухаммалзадо Баткендеги Максат айылына куралдуу кол салууга катышкандыгы айтылууда. Генерал кыргыз айылындагы окуяда видеого тартылган жана ал Ютубга "Менин эркин Тажикстаным" деген аталыш менен жүктөлгөн.
Бул боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик генерал-майонунун аракетине укуктук баа берилээрин билдиргенин 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анда айтылгандай, Башкы прокуратура: "Учурда "Дүйнөгө каршы кылмыштар" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Тергөө амалын УКМК жүргүзөт. Тажик милиция кызматкеринин аракетине ушул кылмыш ишинин алкагында баа берилет", - деген.