"Тажиктердин 1924-1927-жылкы картаны колдонобуз дегенинен пайдаланып, Максат - Ворухту да өз аймагыбызга кошуп алышыбыз керек (негизи биздин аймакта башка өлкөлөрдүн анклавдары таптакыр болбоого тийиш). Лейлекти да өзүбүзгө калтырып, Жерге-Тал менен Мургабды да алышыбыз керек. Бул каалоо аткарылабы же аткарылбайбы, аткарылса канчалык деңгээлде аткарылат, анысына карабашыбыз керек. Оюбуз ошондой болууга тийиш. Аракетибиз да ошол багытта болушу зарыл. Анткени Жерге-Тал менен Мургаб тарыхый жактан чын эле кыргыздын жери", - деп жазды Жыргалбек Касаболотов соцтармактагы баракчасына.