- Биздин дээрлик бардык мамлекеттик ишканалар чыгашалуу же банкрот алдындагы акыбалда турушат. Көптөгөн аткаминерлер мамлекеттик ишканалар аркылуу өзүнүн коррупциялык иштерин жасап жатышат. Аларды кармап туруунун мамлекетке кандай зыралчылдык бар? Жеке менчик ээси компаниянын ишин мыкты жүргүзөт. Кыргызстанда товарлардын таңкыстыгы жок. Эмнеге? Анткени, товар ташуу менен жеке ишкерлер алектенишет. Коомдук транспорт дагы таңкыс эмес, каалаган убагыңда, каалаган жериңе жеке ташуучулар жеткирип коюшат. Тамактануу боюнча да маселе жаралбайт, өлкөнүн ар бир аймагында жеке ишкерлердин тамактануу жайлары ачык турат... Дээрлик 100 пайыз курулуш иштерин да жеке ишкер жасап жатышат.
Бирок менчиктештирүү ал компаниялар андан ары иштеши керек жана сынак же аукцион калыс өткөрүлүшү керек деген шартта болушу зарыл. Ошол эле аткаминерлер кайра эле өзүнө алып албашы үчүн...