Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин “Апрель ТВга” берген маегиндеги айрым калп маалыматтарды ошол убакта туңгуч президент менен саясат майданында чогуу жүргөн Азимбек Бекназаров ашкереледи. Ал президент Садыр Жапаровго жана баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, аны “Акаевдин калпы менен кылмыштары” деп атаган.

“Журналисттин «Сиздин экс- президент деген статусуңуздун сакталышына Текебаев кепилдик берген да...» - деген суроосуна   «Ооба, ал Жогорку Кеңештин төрагасы катары гарант болгон», - деп жооп берди. Кайсы мыйзамда спикер ошондой гарант болот деп жазылыптыр? Мүмкүн Акаев өзү, өкмөт башчы Танаев качып кеткенден кийин  Жогорку Кеңештин төрагасы катары Текебаев,  президенттин милдетин аткаруучу катары гарант деп жатса керек. Бирок Акаев бир ачуу тарыхый чындыкты таанышы керек. Ал  чындык, 2005- жыл 24- мартта президент Акаев менен чогуу өкмөт башчы Танаев да качып кеткенине байланыштуу, ошол кездеги Конституцияга ылайык, Мыйзам Чыгаруу Жыйынынын төрагасы И.Кадырбеков президенттин милдетин  аткарганын, анын сунушу менен Бакиев Танаевдин ордуна эки палатадан тең өкмөт башчы болуп шайланганын жана автоматтуу түрдө  президенттин милдетин аткаруучу болгонун билип жүрсө жакшы болмок. Акаев  өз арызын 2005- жылдын 4- апрелинде гана жаңы шайланган 3- чакырылыштагы ЖК иштей баштаганда анын спикери Текебаевге жазып берген, ал убакта анын арызынын эч кимге кереги да болбогон. 2005- жылдын 24- мартынан кийин,  Кулов менен Текебаевди, өзүнүн үй- бүлөлүк “Алга Кыргызстан” жана “Адилет” партияларынан депутат болушкан айрым депутаттарды жаны революциялык бийликке каршы Акаев пайдалангысы келген. Алар башында Акаевге ишенишип катуу каршылыкты башташкан. Жаңы Жогорку Кеңешке спикер катары Текебаевди да ошондо шайлап жиберишкен. Бирок акаевчи депутаттар биринен сала бири Бакиев тарапка өтүп жатканын билип, Кулов Бакиев менен тандемге барууга мажбур болгон. Муну Акаев айткан жок, эгер унутуп койсо, качып кеткен жеринен Москвада жатып да, жаны бийликке каршылык көрсөткөнүн, аны ошондо түрмөдөн элдик революциянын шарапаты менен  чыккан Кулов боюнча 2005- жылдын 3- апрелинде чыгарган Указы менен да далилдеймин. Аны окурмандар үчүн да тиркеймин. ( А. Бекназаров. Мен Кыргызмын. 3-китеп. 1- том.357- б.) Ушул Указдын өзү да Акаевдин бир кылмышы, президенттин түрмөдө жаткан адамды чыгарууга, соттуулугун алууга укугу жок. Ал ушунусу менен Кыргызстанда бийлик талашуу болуп, баш аламандыкты көздөгөнүн тастыктайт. Эгерде Кулов шыкакчылардын тилине кирип, бийлик талашууну улантканда ким билет эле ошондо эмне болорун. Баса, Акаевдин кол тийбестигин Текебаев же М. Султанов башында турган Жогорку Кеңеш алган эмес, аны Убактылуу Өкмөт 2010- жылы 12- августагы 120- Декрети менен алган. Ага  Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөлөрүнөн кимдер кол койгонун, кимдер кол койбой койгонун Акаев жана окурмандар билсин үчүн да аны тиркеймин.( А. Бекназаров. Мен Кыргызмын 3- китеп 2- том.404-409- б. б.)” – деп жазган Азимбек Бекназаров. 
     .