Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 419

"Президент мага кызмат сунуштайт деп күткөн жок элем", - деди Коопсуздук кеңешинин жаңы катчысы Марат Иманкулов. 

Эске салсак, 8-майда президент Садыр Жапаров Марат Иманкуловду Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койгону белгилүү болгон. 

"Президент катчылыктагы координациялык иштерди күч түзүмү менен биргеликте жолго коюуга жардамдашууну суранды. Менин укук коргоо кызматтарында иштеген тажрыйбамды эске алып, өлкөдөгү кырдаалда командасына кошулуумду сунуштады. Мен макул болдум. Биринчи кезекте өлкөнүн улуттук коопсуздугун ишенимдүү коргоого багытталган бардык функцияларга көңүл бурам", - деди Марат Иманкулов. 

Ошондой эле, ал эмгек жамаат жылуу тосуп алганын, Жарлык чыккан күнү эле кызматтык милдетин аткарууга киришкенин белгиледи.