Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин “Апрель ТВга” берген маегиндеги айрым калп маалыматтарды ошол убакта туңгуч президент менен саясат майданында чогуу жүргөн Азимбек Бекназаров ашкереледи. Ал президент Садыр Жапаровго жана баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, аны “Акаевдин калпы менен кылмыштары” деп атаган.
“Коррупция боюнча ушунчалык «бечара, таптаза» экенин айтып «Бакиевдин түзгөн комиссиясы... Д. Усенов менен А. Бекназаров эки жыл издеп эч нерсе тапкан жок... Бекназаров өзү айтты, Акаевдин эч нерсеси жок экен, Бакиевдер өздөрү коррупциялашты деп, ошону айтам деп кызматынан кетти...» - дейт. Акаев соттолбой жүргөнү үчүн, Бакиев менен Атамбаевге, айрыкча Бакиевге омур бою сыйынып жүрүшү керек. Анткени, Бакиев мени башкы прокурорлуктан 6 айга жеткирбей 2005- жылдын 19- сентябрында кызматтан албаганда, Акаев жок эле дегенде 5 коррупциялык кылмыш иш менен сөзсүз соттолмок. 2010- жылы апрель революциясынан кийин Акаевдин жасаган кылмыштары кайра каралып, анын кол тийбестиги Убактылуу Өкмөттүн атайын Декрети менен алынса да, Акаевдин эски иштери калыбына келтирилип, Акаевди Кыргызстанга алып келүү иши президенттер: Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбеков тарабынан жүргүзүлгөн жок. Акаев туура белгилегендей, Д.Усенов менен Максим Бакиев, Акаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрүн мамлекетке эмес, өздөрүнө рейдерлик кылышып тартып алуу максатында, ага жол бербей жаткан Бекназаровду кызматтан кетиришип, андан соң, Адил Тойгонбаев ( Акаевдин күйөө баласы, кызы Берметтин жубайы) Айдар Акаев менен жашыруун «келишимдерге» барышып, ошол «сделканын» негизинде алардан алышкан объект- мүлктөр үчүн, алардын ондогон кылмыш иштерин жаап коюшкан. Мен Акаев айткандай «эки жыл Акаевдин коррупциясын же үй-мүлкүн издеген» жокмун, 6 айга жакын гана иш жүргүздүм. Акаев айткандай «эч нерсе таппай койгон» жокмун, 6 айга жакын мезгилде Акаевге жана анын жакындарына козголгон кылмыш иштердин алкагында алынган же камакка алынган уй- мүлкү, объектилери, акча каражаттары боюнча да расмий маалыматтарды замандаштардын өзүнө сунуштаймын. Окурмандар билсин бечара Акаевдин анын жакындарынын канча кылмыш иши, канча «оокаты» болгонун! Керек болсо азыркы жаштар салыштырып да көрсүн, азыркы бийликтин коррупция менен күрөшкөн алты айлык иши менен, 2005- жылы 24- март- 19- сентябрь аралыгында биз жүргүзгөн иштердин жыйынтыктарын. ( А. Бекназаров. Мен Кыргызмын. 3- китеп. 387-393- б. б.,403-413-б.б.)” – деп жазган Азимбек Бекназаров.