Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин “Апрель ТВга” берген маегиндеги айрым калп маалыматтарды ошол убакта туңгуч президент менен саясат майданында чогуу жүргөн Азимбек Бекназаров ашкереледи. Ал президент Садыр Жапаровго жана баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, аны “Акаевдин калпы менен кылмыштары” деп атаган.
“2005- жылкы март революциясын америкалыктар колдоп, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдер жасаптыр. Март революциясы 2002- жылдын жай айында эле аксылыктар «Акаев кетсин» деген талап менен «Акаевге отставка, эл үчүн реформа» кыймылы түзүлүп, нечендеген курултайлар болгонун, Акаевди кетирүү чечимдери кабыл алынып, Аксы-Ош, Аксы-Бишкек улуу жүрүштөрү болгонун унутуп койгонуна жол болсун. ( Караңыз:, А. Бекназаров. Аксы ыйы-Улут кайгысы, 2010- ж.,) Анда Бакиев анын колтугунда, ал эми Отунбаева анын элчиси болуп Англияда жүргөн. Отунбаева март революциялык кыймылына, эл Жалал- Абадды алган 2005- жылдын 4- мартында кошулса, Атамбаев болсо 24- мартта эл Ак үйгө кирип, бийликтегилер качып кеткенден кийин аянтка келгенин тарых үчүн айта кетейин, жөн жерден күнөөсүз адамдарды Рамазан айында күнөөлөө болбойт. Эми 15 жылдан кийин «2005- жылы март революциясын америкалыктар жасаган»- дегени Акаевди кокус Кыргызстандын жаңы бийлиги сураса, Путин аны Кыргызстанга кайтарып бериши мүмкүн деген алдын алган чолок акылы го?! 2005- жылдын март революциясынын келип чыгышы ар тараптуу иликтөөгө алынган, жыйынтыктары чыгарылган. Кызыккандар окуп койсо болот.(Караңыз: А. Бекназаров. Мен кыргызмын., 3- китеп. 361-371- б. б.)” - деп жазган Азимбек Бекназаров.