Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин “Апрель ТВга” берген маегиндеги айрым калп маалыматтарды ошол убакта туңгуч президент менен саясат майданында чогуу жүргөн Азимбек Бекназаров ашкереледи. Ал президент Садыр Жапаровго жана баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, аны “Акаевдин калпы менен кылмыштары” деп атаган.

“Аксы окуясы боюнча деле мурдагы жомоктору, жок дегенде Бакиевдин Жалал-Абад курортунда жаткан жерден аны Карыпкулов чакыртып, Буран, Тайфун операцияларын Аксыга киргизүү протоколуна кол койдурганын ( Караңыз: А.Бекназаров. Мен кыргызмын. 3- китеп. 1-том.507-508-б.б..) жашырбай айтса болмок. Себеби, Бакиев ошол протоколдогу колу боюнча сыртынан болсо да соттолду. Менин үстүмдөн жасалма арызды, Букеевага үй сатып берип, мамрезиденциядагы үйүнө чейин чакырып, Ысык-Көл мейманкансына жаткырып, мамкатчы О.Ибраимовдун,  денңгээлинде  көзөмөлдөнүп, аны Токтогул райондук прокурорлору нары- бери ташып жүргөнүн айткысы келбейт. Букееванын Акаевке караганда кичине болсо да уяты бар экен, 2005- жылкы ыңкылаптан кийин болгонун болгондой жазып, Акаев берген үйүн  кайра кайтарып берген. (Аталган китеп:, 372-377-б. б ) Ошол жаңы ачылган жаңы жагдайдын негизинде, кеч болсо  да Акаевдин жакындары болушкан Б.Жанузаков., Ч.Абышкаевдер соттолгонун да жашырды. Кезек өзүндө гана калганын сезер бекен... Акаевдин кечээ айткандарына ынансак, «Аксы окуясында кан төктүрүп да болсо Акаевди кетирип, автоматтуу түрдө  Украинадагыдай Бакиев өзү президент болгусу келген экен... Аксылыктарды оппозициянын өкүлдөрү тукуруп жүргөнүн комиссия далилдептир... ок элдин артынан да атылган экен. Жыйынтыгында, Акаев Аксы окуясын толугу менен Бакиевке төңкөрөт...  Бул жаңы жагдай, Аксы окуясы боюнча Акаевди суракка алуу зарылчылдыгын жаратат...  Себеби, Аксы окуясы боюнча түзүлгөн комиссиялардын жыйынтыгында мындай тыянактар  жок! (А. Бекназаров. Аксы ыйы-улут кайгысы . 2010- ж. )” – деп жазган Азимбек Бекназаров.