Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 143

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин “Апрель ТВга” берген маегиндеги айрым калп маалыматтарды ошол убакта туңгуч президент менен саясат майданында чогуу жүргөн Азимбек Бекназаров ашкереледи. Ал президент Садыр Жапаровго жана баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, аны “Акаевдин калпы менен кылмыштары” деп атаган.

“Бүгүнкү коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен болуп жаткан чырларга  убагында кетирген өзүнүн аракетсиздиги менен Акаев түздөн- түз күнөөлүү.  Эмне дегенде, 1990- жылдардын башында СССР таркап, мурдагы союздук республикалар эгемендүүлүгүн алышаары менен бардыгы өз аймагынын чек арасын бекемдөө иштерин баштаган. Мисалы, Өзбекстандын президенти Каримов 1992- 1997- жылдар аралыгында, бүтүндөй Кыргызстан менен чектелген чек арасын бир тараптуу белгилеп жаап салган. Ошондо айлабыз кеткен кыргыздар   Аксы районундагы эле 130 кмдан ашык чек ара тилкеге 4- 5 жерден айлампа жол курууга аргасыз болдук. Өзбектер чек арасын улам айлампа жолго дейре чыгарып жатты. Акаев мамлекет башчысы катары Каримовду эл аралык укуктардын чегинде тыйып, чек ара талашкандын ордуна, батыштан завод- фабрика, колхоз- совхоздорду жоюу учун саясый шарттар менен берилген кредиттерди жана демократиянын ордуна анархия менен коррупцияны Кыргызстанга ташып жүрдү. Ушундай эле көрүнүш бардык коңшу өлкөлөр менен болду. Акаевдин алешемдигин  байкаган бардык коңшу өлкөлөр талаш участокторду Кыргызстандын эсебинен чийип, белгилеп жүрүштү. Акаев кызматтан кеткенге  же 2005- жылга чейин кол коюлган  бардык чек ара келишимдери негизинен коңшу Кытай, Казакстан, Өзбекстан тарабынан  даярдалып,   Акаев же анын командасы жөн гана кол коюп берген документтер болуп саналат. 30 жылдык эгемен тарыхыбызда чек-ара маселесинде биринчи жолу Жапаров- Ташиев бийлиги коңшу өлкөлөргө өз позициябызды бекем кармап, демилгени колго алып, « бул мындай болот» деген үчүн муну күтпөгөн коңшу өлкөлөрдүн башчылары бүгүн  чок баскандай «чоочуп» жатышат...

Акаевдин «Кытай менен  болгон талаш беш участок Советтер Союзунан  же 1969- жылдан бери келе жаткан», - дегени да өзүнчө жомок. Кайра- кайра калпты айткандан көрө элге жана журналисттерге бир жолу «мына документ» - деп Н.Косыгин  кол койгон 1969- жылкы документти  көрсөтүп койбойбу?! Андай документ жок экенин, Кытай доомат кылган участоктор Кыргызстанга тиешеси жоктугун, ошон үчүн 1992- жылы Кытай коңшу өлкө катары Кыргызстанды эгемендүү мамлекет катары тааныганда, Кыргызстанга эч кандай чек ара маселесинде дооматы жоктугун, ошол эле учурда Кыргызстан Кытайды тааныганда, Тайвань аралы Кытайдын бөлүгү катары таанытып кол койдурганын, ошол келишимде Акаевдин колу турганын, бул фактылар 2- чакырылыштагы парламентте эчен жолу тастыкталып, документтерге чейин коомчулукка чыгарылганын унутуп калдыбы?! Үзөнгү-Кууш боюнча 2001- жылы КРнын ТИМде эч кандай документ жоктугу боюнча расмий кат да Жогорку Кеңешке берилип, кийин Кытай даярдап келген кошумча келишимге Акаев өзү кол коюп бергени, бул маселе көтөрүлгөндөн  кийин анча- мынча эле документ кошумча даярдалганы Жогорку Кеңеште, Конституциялык Сотто далилденгенин, ал кошумча келишим Жогорку Кеңештен мыйзамсыз, үчтөн эки эмес, 60  депутаттан 36сынын гана макул деген добушу менен ратификация болгонун да Акаев дагы деле айткысы келбейт. Ал түгүл өзү кол койгон үч тараптуу келишим менен (2001-ж.Казакстан- Кыргызстан- Кытай ) мурда Кыргызстанга гана тиешелүү болгон Хан- Теңиринин чокусуна азыр үч мамлекет Кыргызстан, Кытай, Казакстан ээлик кылаарын, ал үч өлкөнүн чектери тогошкон точка болуп эсептелерин да жашырып, айткысы келбейт же чындап эле билбейт. Билбейт дейин десең Акаевдин өзүнө, өкүлдөрүнө Парламентте, коомчулукта, ММК да нечен жолу айтылмак тургай, импичмент маселесине чейин көтөрүлүп, ошондон депутат Бекназаров камалып, аны коргойбуз деп, Ш.Назаркулов саясый ачкачылыктан каза таап,  Аксынын 6 азаматы окко учуп, Кыргызстанда биринчи жолу Акаевдин мезгилинде бийлик өз элинин канын төкпөдүбү? Аны кантип билбейт?! Ушул тарыхый чындыкты да жашыргысы келет. (Караңыз : А.Бекназаров, Аксы ыйы- улут кайгысы- 2010- ж. Бул китепте чек арага тиешелүү бардык документтер тиркелген)” – деп жазган Азимбек Бекназаров.