Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 344

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин “Апрель ТВга” берген маегиндеги айрым калп маалыматтарды ошол убакта туңгуч президент менен саясат майданында чогуу жүргөн Азимбек Бекназаров ашкереледи. Ал президент Садыр Жапаровго жана баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, аны “Акаевдин калпы менен кылмыштары” деп атаган.

“1991- жылдын аягында жана 1992- жылдын башында чет элдин жараны Б.Бриштейндин менчик самолёту менен Кыргызстандан чыгарылып кеткен 2 тоннага жакын алтын жана Россиядан Акаев тарабынан алынып келинбеген 14780 кг  кыргыз алтыны жөнүндө Акаев бир да жолу эскерген жок. Кыргызстандын туңгуч президенти катары берген маектеринде бир да жолу сөз кылбады.1990- жылдардын башындагы «легендарлуу» парламент тарабынан катуу көтөрүлгөн  ушул эки маселе боюнча да документалдуу маалыматтарды өзүңөрдүн  сотуңарга коём. Алар эмне болгон алтындар? Эмне үчүн Кыргызстан аларды кайрып алалбады?!  Эмне үчүн Акаевден кийин бийликке келишкен президенттер бул маселени көтөрүшпөйт?! 2005- жылдын март ыңкылабынан кийин, ушул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштер, А. Бекназаров башкы прокурорлуктан кетирилгенден кийин (2005-ж. сентябрь) эмне үчүн дароо токтотулду?! Өзүңүз окуңуз! ( Караңыз: А. Бекназаров. Мен Кыргызмын. 1- китеп.538-552- б.б.,553-569- б.б., 570-579-б. б. жана 580-678- б.б.)” – деп жазган Азимбек  Бекназаров.