Экс-депутат, укук коргоочу, коомдук ишмер Рамазан Дырылдаевдин айтымында, камакка алынган активист Ж.Молдокматовду элине күйгөн улутчул инсан деп айтуу туура эмес:
- Жеңиш Молдокматов менин байкашымда анда-мында улутчул боло калып жүрчү. Бирок анчалык эле улутчул экенин деле байкаганым жок. Ал камакка алынгандан кийин айрым адамдар: “улутчул жигит болчу, чындыкты бетке айтчу”- деп жатышат. Чынында бул бала Атамбаевге ыктап, андан кийин Жээнбековго жан тартып жүргөндөрдөн болчу. Ал ортодо “Замандаш” партиясынын лидери боло калды. Азыр жаңы партия түзө салыптыр.
Кыскасы, Жеңиш Молдокматовдун элдер айтып жаткандай улутчулудугун деле, мекенге күйүп, чындык деп чыркыраганын деле көргөнүм жок. Эгер ал чындап улутчул болсо, “кыргыз тилине артыкчылык берели”- деп жанталашмак. Кыргыз тилин коргогондордун тарабында болмок. Мисалы, Украинада улутчулдар өз эне тилин гана колдонгонго жетишти. Бизде тилди анчалык коргогон улутчулдар чыга элек. Ошондонбу, Сооронбай Жээнбеков президент кезинде Путинге кошомат кылып, орус тилин өркүндөтөбүз деп 300 орустун мугалими келип, кыргыздарга сабак өтөт дегенде каршы чыккан жок. Кыскасы, кечээ жакында эле оппозиция болуп чыга келбесе, буга чейин жогору жакка ыктаган эле, ошолорго ыңгайлаштырып сүйлөгөн эле жигит болчу. Ошон үчүн мунун камалганы канчалык саясий куугунтукка жатаарын деле билбейм.