5-6-октябрдагы окуялар баарыбыздын эсибизде. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин кескин нааразычылыктарын жаратып, өлкө тарыхында үчүнчү жолу бийлик алмашты. Ошол кезде көпчүлүк элдин жана аянтка чогулган, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган митингчилердин талабы менен убактылуу башкарууну колго алган Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев баарын мыйзамдуу талаага алып келүү аракетинде жүргөн. Убактылуу бийлик толук легалдаша электигинен пайдаланган саясатчылар Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов ж.б. бириге коюшуп, бийликти басып алуу максатында "Форумдун" имаратынан Ала- Тоо аянтын көздөй жөө жүрүш жасаган. Булар ачык, демонстративдүү түрдө бийликти алуу үчүн келгени бешинчи класстын окуучусуна деле дайын. Ошол кезде буга чейин мурунку ажо Сооронбай Жээнбековду колдоп келаткан Жеңиш Молдокматов жаңы бийликке илешпей калаарын түшүнүп, Атамбаевдин ич күйдүлүк митингине кошулуп кеткен. Эми колу менен жасаганды мойну менен тартаарга келгенде албууттанып, баарын саясий куугунтукка шылтап кутулуп кеткиси келип жатат. Кыргыз-тажик чек арасында өтө оор кырдаал түзүлүп, адамдар окко учуп өлүп жатса бул бетпак саясий интрига уюштуруп, бийликке көө жапкандан башка иш жасаган жок. Эч кандай далилсиз куру кыйкырыктар менен чыгып жатканынын бир гана максаты болгон - Жеңиш Молдокматов октябрь окуялары боюнча кылмыш ишинин фигуранты экенин мурдатан билген. Ошондуктан, саясаттан сүйлөп, саясий куугунтукка шылтап, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнү көздөгөн....