Мирзиёев жана Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу тууралуу Бишкек жана Душанбе келишимин колдошту. Ошондой эле президенттер абалды мындан ары турукташтырууга колдоо көрсөтүүгө толук даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин башчылары коронавируска пандемиясына каршы күрөшүүдө иргелешкен аракеттерди талкуулашты, деп билдирет Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө коронавирус пандемиясына каршы бирдиктүү күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, эки өлкөнүн лидерлери россия вакцинасын Өзбекстандын аймагында өндүрүүнүн келечегин карашты.

Сүйлөшүү учурунда президенттер Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгын майрамдоого байланыштуу бири-бирин куттукташты.

Булак: Кабар