Не время хайповать!!! Урматтуу Галина Байтерек, биринчиден жергиликтүү тургандар журналисттер менен сүйлөшкөндү жакшы эле билишет жана сүйлөп берип жатышат! 29-апрелден тарта үйүн таштап качкан айылдарынын тургундары 3 күн бою түнү-күнү журналисттер менен байланышта болду.
Экинчиден: Эгер жергиликтүү эл камера алдында сүйлөөгө каршы болсо, эмнеге анда сиз пресс-тур уюштурдунуз? Эмнеге жолугушууну дагы айрымдар тартышты?
Үчүнчүдөн: Алар белгисиз жаштар эмес, башкалардан айырмаланып баары талканып, күйүп бүткөндөн кийин эмес, ок атылып жатканда элине барып, жардам таратып жүргөн эр жигиттер. Ошон үчүн алардын суроосун жергиликтүү эл кол чабуу менен кабыл алып, балдарды коргоп калды. (видеону дагы бир жолу карап чыгыңыз).
Аларга кызмат орун эмес, хайп эмес, Баткендин тынчтыгы биринчи орунда турат.
Аларды балким сиздер башка жактан ээрчитип барган топ тааныбастыр. Бирок, лейлектиктер жакшы тааныйт.
Төртүнчүдөн, сиз Бишкекте олтуруп, "бир аймактын коопсуздугу эмес, өлкө коопсуздугу маанилүү" деп ФБда расмий билдирүү таратып олтурганда көрбөй калсаңыз керек, Баткен облусунда жаңжал эмес, куралдуу кол салуу болду. Бир эле райондун 4-5 айылын тажик аскерлери басып алды. 12 жашар Мадина окко учту!
Туура айтасыз, азыр Бишкекте олтуруп алып, кан төгүүнү башынан өткөргөн элди чагымчылдыкка айыптап, "хайп" кыла турган убак эмес! Жакындарына жардам топтоп, моралдык жактан да колдоо көрсөтүү аракетинде жүргөн бизден дагы сиздин азыр бош убактыңыз өтө аз болсо керек!
Жазгүл Масалиева