Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин “Апрель ТВга” берген маегиндеги айрым калп маалыматтарды ошол убакта туңгуч президент менен саясат майданында чогуу жүргөн Азимбек Бекназаров ашкереледи. Ал президент Садыр Жапаровго жана баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, аны “Акаевдин калпы менен кылмыштары” деп атаган.
- "Кумтөр" алтын кени боюнча айтып жатканда таң каласың: бул биздин Акаев дагы деле кыргыз элин чындап эле маңкурт деп ойлойбу? Же Кудайдын ыйык Рамазан айында, соцтармактарды гана окуган жаңы муундун кулагына адатынча дагы «тепкиси» келдиби айтор, калпты чындай кылып жомоктотуп салды. Жок дегенде «Кумтөр маселеси боюнча чыр бүтө элек, кезектеги комиссия иштеп жатат, мурдагы эчендеген комиссиянын жыйынтыктары бар. Кумтөр маселесин убагында көтөрүшкөн комиссиянын мүчөлөрү, кылмыш иш козгогондор, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт башчылардын көпчүлүгү азыр тирүү, анын бири Садыр Жапаров азыр президент»- деп кичине ийменсе болмок.... Аттиң... Жок дегенде Башкы келишим боюнча 2002- жылы Кыргызстанга толук өтө турган Кумтөрдү Акаев мактаган Танаев экөө кайтарып алгандын ордуна, 2002-2003-жылдары «Реструктуризацияны» ойлоп чыгышып, Кыргызстандын 67 пайыз акциясын Центерранын 33 акциясына эмнеге алмаштырган?! Аны да кайра сатып, «Центеррадагы» Кыргызстандын үлүшүн 15,66 пайызга азайтканын эмнеге жашырат?! Алтын өндүрүү комплексин курууда ашыкча «чыгымдалган» 176 млн. долларды, 2002-2004- жылдары коррупциялык жолдор менен Оффшордук «Эккерд» компаниясына которулган жалпы 15 млн. доллар жөнүндө да айткан жок! Мындайды «беттырмачылыктын академиги» болгон адис гана жашыра алат! ( Караңыз: А. Бекназаров. Мен кыргызмын.3- китеп, 2- том, 280-308- б. б.), - деп жазган Азимбек Бекназаров.