Учурда соцтармактарда Камчыбек Ташиев тууралуу жалган маалыматтар таратылып, аны каралоо аракети активдүү жүрүүдө. Экс-депутат Бектур Асанов УКМКнын төрагасынын мүнөзүн жакшы билгендер мындай маалыматтарга ишенбейт деп эсептейт.
- Камчыке менен отуз жылдан бери таанышмын. Мүнөзүн жакшы билем. Саясий кызыкчылыгыбыз көбүнчө дал келбей калат, бирок анын позициясынан кайтаарына, кайсы бир кызыкчылыкка кирип кетээрине түк ишенбейм. Тажиктерден кечирим сурады деген видео чыкпадыбы, аны көрөөрүм менен монтаж экенин билдим. Болгондо да өтө примитивдүү монтаж. Бизге да андай монтаждарды далай жасашкан. Бул киши кечээ эле чыга калган жок, тарыхы бар. Тарыхына көз жүгүрткөндө деле ага жасалып жаткан каралоолорго ишенүүгө мүмкүн эмес. Менимче, көбү буга ишенбейт. Ал өтө чоң жоопкерчиликти моюнуна алды, баары эле ала бербейт. Башын канжыгага байлап коогалаң чыккан жерге барды. Чек ара маселесин чечип, чыр-жаңжалга чекит коелу деп жатат, мында колдошубуз керек. Туура, бир аз кемчиликтер болуп калышы мүмкүн. Жакында бир топ саясатчылар, чек ара маселесин жакшы билгендер чогулуп сүйлөштүк, талкууладык, сунуш айттык, талашып-тартыштык. Биздин сунушубуздун, жүйөбүздүн көбүнө Камчыбек Ташиев ынанды. Чырды улантып албайлы дедик. Ошондуктан, азыр бардык саясий күчтөр, саясатчылар сунуштарын бериши керек. Көп нерсе азыр ачык болуп жатат. Баарыбыз биригип, отуруп сүйлөшүп, элге кошула чыгып түшүндүрсөк, жеңил болот болуш керек деп ойлойм. Себеби, Фергана өрөөнүнүн маселеси абдан опурталдуу, оор маселе. Эски СССРдин аймагындагы эки курч маселелүү жер бар: бири Кавказ, экинчиси Фергана. Дүйнөдө төрт кызыкчылык болсо, алар Фергана өрөөнүнөн кесилишет. Орусиянын, Батыштын, Ислам дүйнөсүнүн жана Кытайдын кызыкчылыгы. Американын мамлекеттик ишмери, улуу ойчул Бжезинский “Ким дүйнөнү башкарам десе, Евразияны башкарсын”, - деген. Евразияны башкарыш үчүн Орто Азияны колго алыш керек. Ошондуктан, бул жерде өтө терең, өтө кылдат карай турган маселе жатат. Менин сунушум ушул болууда: кеңешип иш кылалы, кылдат бололу. Азыр сен-мен деп кер-мур айтыша турчу убак эмес. Саясатчылардын 90 пайызы бүгүнкү күндө бул маселеде бийликке жардам берүүгө даяр, - деди Бектур Асанов.