- Калдарбек агай, тажиктер неге бет тырмачылык кылып, өздөрү согушту баштап алып, кайра дүйнө элине артисттенип, жабырлануучунун кейпин кийгендей түр көрсөтүп жатышат?

- Оболу адамзаттын алмустактан бери басып келаткан жолуна, калтырган изине көз кырыбызды сала кетели. Не деген гана кыргындар, согуштар болуп, канча көз  жаш кулады, канчалаган адамдар карып болду. Ошол эле мезгилде бир тараптагы мерездер андан пайда көрүп, мөмөлөрүн татышты. Эми теңсиздик ошондо эле чыйыр салган да. Күчтүүнүн алдында күчсүз козудай эле жем  болот деген сөз ошондон чыкса керек эле.

Кайсыл бир мамлекет, миң ирет боордош, түбөлүк досмун деп касам ичпесин, ал башка мамлекетке   эч убакта, эч качан  кыпындай жакшылыкты да каалабайт. Тескерисинче, ошол “дос” мамлекет алсырап, кан жутуп, бут алдыма чөгөлөсүн дегенде эки көзү төрт болот. Бүгүнкү күндө мына ушундай дөө мамлекеттер Кытай, АКШ, Орусия, кандайдыр бир деңгээлде Англия, европалыктар колониялык  системанын курмандыгына өздөрү айланып кеткендиктен, ал тактикасын өзгөртүп, башка элди ичинен маданий, социалдык жана башка жактан былгытып туруп, чөгөлөтүүгө аттанышкан. Муну НПОлордун жана башка миссионерлердин жүргүзгөн аракеттеринен көрүп эле келатабыз. Ал эми  башка дөө-шаалар акыл күчкө караганда күч акылга басым жасашып,  авторитардык же диктатуралык түзүлүштөр аркылуу алысты чапчыган пландарын  жүзөгө ашырып келишет. Мына ошондойлордун бири Орусия. Ал Тажикстанда авторитардык бийликти орнотууга аябай жанын сабап, айтканын жасатты. Бүгүн Тажикстан Кремлдин  кадимки кол баласы. Рахмон Кремлден айтылган ар бир сөздү так жана убагында аткарууга мажбур. Орустар деле аны куурчак деп аташат.

 Кечээки басмачылыкты Рахмон жасадыбы, албетте жок, ал өз жанынан кокрккон куурчак. Борбордук Азиядагы геосаттын тамтыгы чыгып кетпесин деген таризде Кремлдин түздөн түз буйругу менен ишке ашты деп кесе айтсак болот. Москвага Кыргызстандагы  эркиндик, парламенттик болбосо да ошого окшошуп кеткен бийлик, баарынан жаманы сөз эркиндиги түк жаккан эмес. Мына, 8-майда Маскөөдө кечээки  “улуу иштин” соңуна чыгара албай, галдирбайлык” кылганы үчүн  Рахмондун колуна Путин чыбык урат. Ага жакшы эле айтып, кулагына кумдай куйган болуш керек эле...  Премьери бир жерде, сен корккон Ташиев Европада... шылтоо даяр... бастырып кирип эле, кезиккендин катыгын колуна берип...  “Головнойду” аласың да,  айылдарды басып алып, Лейлегин анклавга айландырасың. Бүттү, мына ошондон кийин кыргыздар алдыңа жүгүнүп келишип, сен айткандай чек ара маселесин чечип туруп... 3-4 айдан кийин, кандай кирип келсең, ошондой түрдө чыгып кетесиң... Тилекке каршы, кыргыздар Кремл жана анын куурчагы Рахмон ойлогондой  эмес, Ата Мекен үчүн жанын беришкен, башын баталгага сайышкан эрлер экендигин, жерине кылыч менен келгенди кылыч менен тосуп, башын кыярын  кеч болсо да  эми түшүнүшүп, буттары менен жерди чукулап отурушат.

Рахмондын “блицкриг” согушу, кыргыздарды чаап салганы тажик жергесинде  СССР Гитлерди жеңгендей таризде сыналгылардан көрөсөтүлүп, үналгылардану уктурулуп, чоң тантана кылышып , Рахмонды Жуковго, Сталинге теңешип ала-була топуларын көккө ыргытып жатканда, минтип дйүнөлүк коомчулук аларды басмачы, фашист деп атай баштаса, ооздорунан келмеси түшөт да. Анан дагы эле Кремлдин көрсөтүүсү менен  биз эмес, тетирисинче, кыргыздар биздин жерге бастырып киришип, баарын өрттөп, жаш балдарга чейин атып өлтүрүшүп кыязында  маалымат согушун баштап ийишти. “Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт” дегениң ушул. Анткени, 2010-жылкы Ош согушунда да ушул ыкма пайдаланылган. Кыпкызыл калпты канчалык эртерээк , күчтүүрөөк басым менен айтып койсоң, бүттү ал кыпкызыл чындыкка окшошо берет жана кудум ошол калпты чындыктай кабыл алышат дегенди орустар Рахмондун кулагына куюшкан. Экинчиден, биздин ички душмандарыбыз козголуп, көрүнгөн жерге мина коюшуп, тажик иттердин таламын талаша башташы да кудум ушул өңүттөгү көрүнүштөрдөн. Согуш жүрүп жатканда мына ошол  бузукулар Өкмөт үйүнө чогулушуп, Баткенди шылтоо кылышып, бийликти басып алууга аракет кылганы  Рахмондын планындагы  бир пункт экендиги айдан ачык. Булар бүгүн “Троян атындай” эле бирдеме... Тилекке каршы, баары Рахмон ойлогондой  болбой, эл аралык коомчулук  бул курдай кара кылды как жарганга аргасыз. Анткени, Тажикстандагы ММКлардын бир тараптуулугу, сөз эркиндигинин таптакыр жоктугу маалымат согушун уттуруп койду. Натыйжада, дүйнө кимдин ким экенин алда канча эртерээк билип койду. Эми керээли кечке Рахмонду Сталин десең да, дүйнө аны Гитлер катары гана кабыл алышат.