-Тажиктердин ачкөздүк кылып, сууга ээлик кылып, жерибизди ээлеп алабыз деген максатта уюштурган  кол салуусуна Ташиев чек араны аныктоого катуу киришкени себеп болду деген пикирдегилер да бар. Бул боюнча кандай ойдосуз?

-Жаңы бийликтин  чек араны аныктайбыз, чиеленишкен маселени чечебиз деген аракети да жакпай, эптеп убакытты созуш үчүн согуш ачып, өз максаттарын ишке ашырууну да көздөгөнү чындык болушу мүмкүн. Ошондой эле,  бул согуштун чыгышына ички, тышкы саясаттын да таасири бар. Айтайын дегеним, тажик президенти өз уулун такка отургузуу үчүн тажик элине патриот болуп, көрүнүүнү каалап, Кыргызстан менен согушууну максат кылышы да ыктымал. Анткени, анын кадыры түшүп, күчкө салса да ага ишеним артпагандар чыга баштаган. Ошолордун баарына мамлекетчил, улутчул болуп көрүнүш үчүн, бизге кол салууга кызыкдар болушу да мүмкүн.

- Неге алар биздин жерге көз артып жатышат? Керектүү жерлерин илгери эле алышкан экен го?

-Алардын калкынын саны көбөйүп жатат. Ошон үчүн биздин жерлерди күчкө салса да ээлеп алууга аракет кылышты. Суу бөлүштүргөн жайдын башына ээлик кылып калышса, баткенди көз каранды кылып, каалаган саясатын жүргүзүшмөк. Ошол максатка жетиш үчүн алар согуш ачуудан, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүдөн да тартынышкан жок. 

Мына ушундай жагдай жаралбас үчүн  чек араны 30 жыл мурда эле чечип  алышыбыз керек эле. Биздин бийликтегилер болсо,  30 жыл бою бийлик, байлык талашып, саясат менен алектенип жүрүштү. Биздин акыбалыбыздан пайдаланган Тажиктер менен Өзбектер Кыргызстанга тийиштүү жерлерге үй салышып, ээлеп алууга үлгүрүштү. Анткени, аларда кыргыздын үйүн ким сатып алса, жерине үй салса, мамлекеттен жеңилдетилген кредит берилген. Биздин эл турмуштун азабынан Россияга мигрант болуп, тамын сатып көчүп кеткен. Жыйынтыгында бош жаткан жерлерге тажик, өзбек ээлик кылып алган.

-Эмнеге өздөрү согушту баштап алып, эми тажиктер бизге доомат коюп, дүйнө жүзүнө ыйламсыраган видеолорду таркатып жатышат?

-Алар ошондой калк болот экен. Сыягы биздин мамлекеттин алсыздыгынан пайдаланабыз деп, болгон дооматты бизге оодарып салуу үчүн аракет жасап жатышат окшойт. Бирок, кандай болгон күндө дагы Кудай бар. Алар антип бир канча кишини алдашы мүмкүн. Бирок, жалпы дүйнө жүзүн алдай алышпайт.