-Чек ара маселеси абдан татаал, өтө кылдат каралчу, көп убакытты талап кылган маселе. Жалал-Абадда губернатор болгондуктан, бул маселе мага жакшы тааныш. Жалал-Абадда 24 талаш аймак бар, экөө-үчөөсү оор талашта. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы акыбал да оор, себеби талаш катуу. Маселе буга чейин да чечилбей келген. Жыл сайын бир нече жолу чатак чыгып, айрым учурларда адам өмүрүн алган. Ал эми бул жолку жаңжал, куралдуу кол салуу элибиз үчүн чоң трагедияга айланды. Биз бул окуяга мамлекет катары мамиле кылышыбыз керек. Бул ачыктан ачык тажик тараптан агрессия болду. Анткени, Баткен районундагы Головной тарапта талаш болуп жатса, тажиктер 100 км ары жактан, Лейлек району тараптан кол салып киришти. Бул кылгандары үчүн Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуубуз керек. Өкмөттүк эмес уюмдар кайрылабыз деп жатышат, эң туура кылышууда, кайрылуу зарыл. Тажик бийлигинин кыймыл аракетине укуктук баа берилиши кажет. Чек арадагы чырларда жеңил куралдар колдонулса болот, а тажик тарап оор артиллерия колдонду, биздин аймакка басып киришти. Эл аралык аскердик норма бар да, согуш жарыялаш үчүн себептерин айтыш керек. Ал норманы сактабаса, айтып-дебестен бастырып кирсе, агрессияга жатат. Агрессия - аскердик кылмыш. Садыр Жапаров: "Чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбайм", - деди. Мен анын бул чечимин абдан колдодум. Керек болсо, ЖККУнун жыйындарында да Рахмонго кол берип учурашпаш керек. Дипломатияда ошондой ыкмалар бар, дүйнөлүк коомчулук Рахмонду агрессор катары таанып, кылыгына укуктук баа берилмейинче, дипломатиянын ыкмаларын колдонуу туура болот.