Америкада кыргыздар Тажикстандын Вашингтондогу элчилигинин алдында Эмомали Рахмонго каршы митингге чыгышты. Алар дүйнө коомчулугунун көңүлүн кыргыз-тажик чек арадагы окуяга бурууну жана тажик бийлигинин агрессиясын ачыктоону көздөштү.
"Тажикстандын Кыргызстандын он айылына капысынан куралдуу кол салуусу жана анда миномет, тик учактарды жана БТРлерди колдонгону, айылдагы кыргыз үйлөрдүн тонолгону, аскерлер менен бирге колуна курал кармаган жай тургундардын катышканы, анан алар Душанбеде баатыр катары тосуп алынганы, ушунун баары бул акция алдын ала даярдалган аскерий агрессия экенин далилдеди. Бул тууралуу эл аралык эксперттер да айтышууда. Кыргызстандык 36 жаран каза болду, алардын үчөө аскерлер. 12 жаштагы Мадина, 5 жаштагы Абидин каза тапты. Тогуз баланын атасы Эмомали Рахмон ушул адамдардын өлүмүн балдарына кантип түшүндүрөт? Кудайдын алдына барганда эмне деп жооп берет? Капысынан кол салууга барганы үчүн кантип актанат?!" - дешти митингдин катышуучулары.



