-Азимбек агай, кечээ жаңы Баш мыйзамга кол коюлуп, жаңы жашоо башталды. Садыр Жапаровдун кайрылуусундагы жалындуу сөздөрдүн баары ишке ашат, Кыргызстан чын эле өнүгүү жолуна түшөт деп ишенсек болобу?
-Жаңы Баш мыйзамга кол коюу аземи 5- майга же элибиз 22 жылдан бери Конституция күнү деп, майрам күн катары белгилеген күнгө туш келгени жакшы болду. Кандайдыр бир деңгээлде жаңы жашоо башталышы керек. Бирок ал Конституция күчүнө кирсе эле дароо ишке ашып кетет дегендик эмес. 30 жыл бою мурдагы президенттерибиз Конституция турса деле, өз билгенин жасап келишпедиби?! Маселе канчалык деңгээлде биз укуктук мамлекет куралабыз, ошого жараша "жаңы жашоо" башталат. Президенттердин «жалындуу» сөздөрүн элибиз күндө эле угуп жатат. Акаевден тартып баарыныкын... Кыргызстан жаңыча өнүгүү жолуна түшүү үчүн, президентибиз Садыр Жапаров мурдагы президенттердин жолунан чукул кетүүсү, аны элибиз билип, сезиши керек.
-Жаңы Баш мыйзам эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Жаңы Баш мыйзамдын мурдагы Баш мыйзамдардан эки өзгөчөлүгү бар. Биринчи жолу башкаруунун түрүн, Кыргызстандын элине тандатып анан жазылгандыгында. Бул биринчиси. Экинчиси болсо, биринчи жолу Кыргызстандын эли бардык мамлекеттик бийликти бир адамга президентке- жоопкерчилиги менен расмий бергендигинде. Мурдагылар узурпация жолдору менен бийлик ээлешип, бирок эч нерсеге жооп берчү эмес. Эми маселенин баарына бир гана адам, президент жооп берет!