5-майда жаңы Баш мыйзамга Президент кол койду. Ошентип жаңы Кониституциябыз күчүнө кирди. Кол коюу аземинде Президент С.Жапаров жалпы Кыргыз элине кайрылуу жасады. Ошол кайрылуудан кыскача цитаталарды келтирип анан ой бөлүшсөм деп турам.

...Цивилизациялар чектешкен, түркүн маданияттар ашташкан жердин чок ортосунда жашап жатабыз. Демек, Кыргыз ааламын таанып, өз жолубузду, башкача айтканда, экономикалык моделибиздин өзүбүзгө ылайык ыгын табуу зарыл...

... Ар бир эл өзү аздектеп ардактаган дөөлөттөрдүн негизинде гана өз турмушун уюштурат. Биздин элде эзелтеден туу тутуп жашаган эки баалулук бар, алар- эркиндик жана акыйкаттык...

... Биз “табигый башкаруу” ,”улутубуздун табиятына жараша башкаруу” концепциясын киргизебиз...

... “Кыргыз Ааламы” улуттук программасы иштелик чыгып, бул долбоорго өзгөчө маани берилет...

... Мен жыл сайын жалпы элдик курултайдын алдында Президенттин иш- аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турууга ниеттенип жатам...

Эмнеге ушул цитаталарды бөлүп алдым. Себеби канча бир жылдан бери мекенчилдер какшап жазып да айтып да келатабыз. “Ар кимди ээрчибейли. Кыргыздар өзүбүздүн “Кыргыз Ааламын” табалы. Өз жолубузду табалы. Кыргыздар өз жолубузду тапсак гана өнүгөбүз. Биз башкаларды ээрчисек анда кимдир бирөлөрдүн артында бараткан болобуз. Анда астыда бараткандар бизге “Силер бизге жеткиле”- деп күтпөйт. Тескерисинче “Ушинтип самсып ээрчип жүрө бергиле”- дешет. Тилекке каршы, биздин үн эч кимге жетчү эмес. Тагы. Биздин эмнени айтып жатканыбызга буга чейинки бийликтин түшүнүгү жетчү эмес. Биринчи жолу Кыргыз духу жыттанган сөз айтылды. Биринчи жолу өз жолубуүзга түшкөнүбүзгө күбө болуудабыз. Демек, Кыргыз мамлекети чыныгы жаңычыл реформаны жасоону баштады. Жаңы багыт- жаңы жол башталды. Жогорку цитаталардын ар бирин өзүнчө талдасак ичинде биз издеп жүргөн мамлекеттик идеология да, улуттук идеология да жатат. Аны кенен жазар да кес келет.

Туура. Бул башталышы татаал жол. Кыйынчылыктар кадам сайын жолугат. Бирок Кыргыз мамлекетин чындап өстүрүп-өнүктүрүүгө жеткисе турган жалгыз жол. Башка жол жок. Эмне кылуу керек? Чын эле мекениңди сүйсөң, келечекте укум-тукумум өсүп-өнгөн бай-бакубат мамлекетте жашасын десең анда колдоого ал. Катасы болсо түздөөгө, оң жерин күчөтүп ишке ашырууга тике туруп жардам бер. Мекен бирөө. Улут бирөө. Келечегибизди чогуу көрөбүз. “Силер иштегиле. Мен карап турайын”,- десек анда өзүбүздүн эле эмес келечек муундарыбыздын тагдырына балта чабабыз. Бириксек колдон келет. Ынтымак бар жерде ырыс бар. Мекен тагдыры өз колубузда. Жашообузду өзгөртүүгө бирге аракет кылалы. Колдоого алалы.

Чолпонбек Абыкеев