- Тажик тарап атайылап, кыргыз тарапты артка чегинтип, 1924-1927-жылдардагы картаны колдонобуз, Ворухка жол салабыз. "Кыргыз бийлиги жол курулушун баштоого макул болду" деген маалымат таркатып жатат. Алар бул маалымат менен бийликти алсыратуу жана эл менен бийликтин ортосуна ажырым салып, мамлекеттик органдарды алсыздандыруу максатында коомдогу мейкиндикке басым жасап жатышат. Чынында баары алар ойлогондой болбойт. Болгону, азырынча Рахмон каалагандай үгүт жүргүзүп жатат. Маңдайыбызга согуш жазылыптыр. Рахмон ошол согуштан упай топтоп, өз бийлигин баласына өткөрүп бергени жатат. Ал кыргыз баскынчыларына каршы, жемиштүү согуш жүргүздүк дегиси келип жатат. Ошондуктан, биз провокацияларга алдырбайлы. Биздин медиа алкагыбыз Рахмондун троллдоруна, фейктерине толуп калды. Келгиле, Рахмондун чабуулуна багынбай, мындан ары эч бир конфликт кайталанбай турган кылып, бир карыш жерди да алдырбай, чек арабызды деморкация кылып алалы. Ким күнөөлүү жана аны эмне кылыш керек экендигин андан кийин ойлонолу. Азыр биз бир муштум болуп түйүлүп, адистерге, элчилерге, чек арачыларга чек ара маселесин аныктоого баш- оту менен киришип жаткан саясий кызматтагыларга жана дипломаттарга мүмкүнчүлүк берели. Алар тарыхый миссияны моюндарына алып, биздин пайдабыз үчүн аракет кылып жатышат. Алар Кыргызстанга зыян келишимдерге эч качан макул болушпайт. Диктаторлук режим биздин эл менен бийликти ажыраткысы келип, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатышууда. Алардын тегирменине суу куя бербейли. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоого аракет кылалы.
Семетей Аманбеков