"Өкмөт министрлер кабинетине айланды. Премьер-министр министрлер кабинетинин төрагасы болду. Эки жаңы министрлик пайда болду: санариптик өнүгүү министрлиги жана инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча министрлик.
Төрагада 4 орун басар бар, ӨКМдан акыры экологияны сууруп чыгышып Комитет түзүштү. Министрликтен ошондой эле финансылык чалгындоо Мамлекеттик кызматын, интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик агенттикти, архитектура, курулуш жана турак-жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттикти жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этникалык мамилелердин иши боюнча мамлекеттик агенттикти бөлүп салышты.
Кыскартуу өзүн актаган жок. Мурда 4 вице-премьер болсо, азыр деле кабинеттин төрагасынын 4 орун басары бар. 12 министрликтин ордуна 14 министрликтүү болдук.
Өкмөттү эмнеге шашылыш кыскартышканы такыр түшүнүксүз. Бул өзгөртүүлөрдөн бюджетке келтирилген чыгымды да эсептеш керек.
Дагы бир "прикол": күзүндө өкмөттө кайрадан өзгөртүүлөр болот", - деп жазды депутат Дастан Бекешев.