- Урматтуу жакшылар, өзгөчө соцтармактарда эл аралык, улуттар аралык мамилелерге кылдат болсок... Сырттан сын айтып, намыска тийип, оюбузду жаза бериш оңой. Ал маселелерди талдай билүү кыйын... Бул боюнча жогорку деңгээлдеги эксперттер жок эместир... Андан көрө көөдөндү, көкүрөктү тазалап, жакшы сөзгө жардыланбай Эгемен өлкөнүн өнүгүүсүнө аз болсо да ар бир инсан салым кошсок. Кыргызстаныбыз бирөө эле. Ыйык орозо айында Жаңы Конституциянын ак жолтой болуусун тилеп, кыйын кырдаалда өлкөнүн, элдин тагдырын өз жоопкерчилигине алган Президенттин кадамдарына үмүт артсак. Жакшы тилек жарым ырыс. Тиш өтпөгөн соң тышкы саясатты жөн коюп, ички саясаттагы ыйман, ырыс, ынтымакка пейилди түз койсок. Пейили жакшы кем болбойт. Алга Кыргызстан!
- Категория: Саясат
- Просмотров: 172