Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 193

 - Кыргыз -Тажик чек арасындагы окуяларга баа бербеген, пикир жазбаган киши калбады окшойт. Мен да элден кем калбай бир эки ооз сөз жазып койсом балким пайдасы болоор.

Эмне болду, кандай болдуга токтолбой эми эмне кылсак туура болот деген ойго бир эки пикир билдирейин.

1. Чек ара аймагында жашагандарга чек ара коопсуз экенин тастыкташ керек. Ошондо кана ал жакта жашаган эл жай турмушка өтө алат. Ошондуктан эң башта чекарачы аскерлердин коргонуу обьектилерин көбүрөөк куруп бекемдеп бериш керек. Мамлекеттин каражаты жетишсиз болсо элге кайрылгандан уялбасын. Ар кандай ыктыярчы топтордун, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин топтогон каражаттарын эң башта ошол багытта жумшасак дагы туура болот. Топтолуп жаткан каражаттарды көр оокатка, карын токтугуна салганда анча пайда чыкпайт. Көр оокат өтө берет, бирок түпкүлүктүү пайда алып келгендей кадамдар болушу керек. Ар бир кооптуу участокторго коргонуу, көзөмөл пунктарын салып, бекитиш керек. Аскерлердин бекем турганын көрүп, ишениш керек ошол жакта жашаган эл. Ошол жакта жашаган бир жаран ыйлап атат го: "Эң башта чекаранын зымын тартып бекитип бергиле", - деп. Эгер чек араны жакын арада тастыктап беките албасак, жок дегенде бериде турчу коргонуу пунктарын куруп берели.

2. Аскерлердин курал -жарактарын толуктап, элден топтолчу каражатка колдо жок куралдарды алып бериш керек. Керек болсо бир сомдон чогултсак дагы үч - төрт танк алып берегенге эл даяр турат. Дрондордун жоктугу, авиациялык чабуулга каршы куралдардын жоктугу, оор техниканын жоктугу, ошол эле минамёттордун жоктугу билинип турат. Анан дагы баса белгилей кетчү нерсе, биздин аскерлердин ок дарысынын чектелүү болгонун кеп кылып жатышат. Аскерлерге белгилүү өлчөмдө кана ок берилип, анан ар бир атылган ок үчүн сурак бар дешет. Эски совет доорундагыдай эле ар бир атылаган ок үчүн "объяснительный" жаза турган болсо аскерлерибиз ок чыгаргандан коркуп отура беришет го. Жок дегенде чек арадагы аскерлерге чектөөнү алып салышса туура болмок эле. Тараган видеолордо көрүнүп жатты, тажик тарап татыратып эле атып атты, биз тарап бирин- экин жооп кайтарып. Жоо басып келсе коргонуу үчүн ок атууга чектөө болбошу керек эле да. Же мамлекетте ок дары запасы жетишсизби деген да ой кетет. 

3. Чек арада Түркиядагыдай "коргоочу" системасын иштеп чыгуу сунушталып жатат. Бул эң эле туура сунуш, чек арада жашаган, жаш курагы туура келген, аскердик даярдыкты өткөн, атайын окуу жана тандоодон өткөн жай тургундардын ичинде атайын кошуундар уюштуруу чек ара коопсуздугун күчтөндүрөөрү шексиз. Тез арада бул ыкманы колдонуп, чекарада жашаган жай тургундарга курал- жарак берүү шарт өңдөнүп турат. Чек араны жалгыз эле аскерлердин күчү менен эмес, ошол аймакта жашаган жай тургундардын күчү менен да коргоо жолун караштырыш керек. Чек ара коопсуздугу камсыз кылынбаган болсо, ал аймакта жашаган жаран курал кармаса өзүн дагы коопсуз сезеээри бышык.