Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 283

- Кыргыз эли жер каймактагандан бери кимдер менен гана согушпады, бирде чегинип, бирде жеңип, бирөөлөрдөн үмүт кылбай өз алдынча эл болуп жашап келе жатат. Бүгүнкү Баткендеги бир аз артка чегинүү абал туура эле көрүнүш. Акыл-эсти жыйнап баарын ордуна койсо болот. Көрүнгөндү аралаштыруунун кереги жок, өзүбүз чечебиз, жолу табылат. Сабыр кылып чыдап тургула, мекендештер!

Согуштун тынчтык жолу менен аякташы жакшы көрүнүш. Бийлик, эл дагы бул окуядан сабак алышыбыз керек. Илгертен эл жерди коргоо үчүн армия керек болгон, аны мамлекет, эл комдоп, тондоп шартын түзгөн. Бүгүнкү күндө бийлик да, эл да армияга көңүл бурбай келет, армиябыздын саны да аз, тийиштүү деңгээлде жабдылган да эмес. Эгер армиябызга тийиштүү деңгээлде шарт түзсөк келген душмандардын катыгын бермек. Дагы да кеч эмес, бийлик талашканды, көрүнгөндү ээрчигенди коюп өз мамлекетибиздин эртеңкисин ойлоп, армиябызга талаптагыдай шарт түзөлү. Келгиле эски жаман адаттарды таштайлы да, сен тиги бул дебестен бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып ынтымакка келели, туугандар! Биригип ынтымакка келсек ар дайым жеңиш бизде болот.