Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 353

- Иш болгон жерде сөзсүз ката көрүнөт. Кетмен чаап жатсаң да өмүрүндө кетмен чаппагандар акыл айтат. Орозодо эрте туруп саарлык ичкенден зериккендер тун уйкусун бузуп, жүрөгүнүн ооруганына карабай, элдин камында жүргөн Ташиевди  каралап жатышат. Туура, мойнуна алган, иштеши керек дейсиздер, бирок көңүл кош мамиле кылган жетекчилерибиз толтура, "өлбө, жаным өлбө" деп иштемиш болуп жүрүшөт. Айтайын дегеним, Кудайым колдосун Камчыбек Ташиевди, биз колдойбуз кылган иш -аракетин. Дайыма адамдын баркын кеч түшүнөбүз. Ушактарга жүрөгүңүздү оорутпай, аракетиңизди кыла бериңиз. Аллахым колдосун, эл кызматындагы адам кор болбойт. Кудайым куч кубат берсин, оорубай аман жүрүңүз. Улуу элим, ушундай оор кырдаалда эл уулдарын колдоп, жакшылык кыла албасак да, жамандык кылбай туруп туралы. Баарыңыздарга сабыр канаат тилейм.