-Тажиктер, кылгылыкты кылып коюп, бүгүн эл аралык коомчулуктун алдында жабыр тарткан тарап болуп көрүнүүгө болгон аракетин жасап жатышат. Керек болсо кыргыз тарап жүктөгөн видеолордун үнүн өчүрүп, өздөрүнүн үнүн коюп, маалымат согушунда да лөлүлүгүн көрсөтүүдө. Айрым тараптар,  алардын чырагына май тамызып, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев экөөнү колуңардан келишинче шыбап, калпын чындай кылып урдуруп эле жатасыңар. Экөө жөнүндөгү жөө жомокторуңарды тажик тарап кынтыксыз колдонуп, бардык тилге которуп алып үстөкө- босток чыгарып жатышат. Сындагыла, каалашыңарча сындагыла. Бирок ушундай оор күндө биримдикте болуп,   душманга "таба"  болгонду токтотпойлубу. Тажиктер өзүбүз чайган боткону өзүбүзгө жедирип, эл аралык коомчулуктун алдында периште болуп көрүнүү аракетин, ичибиздеги сасык саясатыбыздын айынан, өзүбүз ишке ашырып жибербейли. Кыргыз бийлиги расмий түрдө тажик тараптын кадамдарын агрессия деп тааныды.  Демек  тажик бийлиги эл аралык мыйзамдардын алдында  жооп беришине алгачкы кадамдар ташталды. Кыргызстандагы журналистер, блогерлер, калемгерлер биригип бирдей маалымат согушун баардык эл аралык тилдерде жүргүзүп жатышат. Анан ортодо  эле кайсы бир чыйкан жарадай болуп, канча  кесипкөйлөрдун күнү- түнү иштеп жаткан эмгектерин таалага кетирип жаткандар эсиңерге келгилечи. Азыркы учурда Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жамандап пайда таппайсыңар.  ӨКҮНҮЧТҮҮСҮ, тажиктин жазамкерлерине, блогерлерине гана курал болуп берип жатасыңар.