Жеңиш Молдокматов деген ким? Ачыгын айталы, ал чечендиги, аздыр-көптүр харизмасы да бар саясатчы. Бирок, кыялы жаманбы, же ага кошо башка нерселери да барбы, айтор, көп убактардан бери өнөктөштөрдөн, кызматтан жолу болбой келатат. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жанынан чыкпай, анын башкы үгүтчүлөрүнүн бири болуп жүрдү эле, бирок С.Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин кызмат бөлүштүрүүгө келгенде ага эч нерсе тийбеди. Ага нааразы болгон Жеңиш мырза тез эле каршы лагердегилерге өтүп кетти. Же ал өткөн жылы октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен бирге болуп, Сооронбай Жээнбековду кызматынан кетирүүгө чоң салым кошту. Январда эч кандай кызмат тийбей калгандан кийин тез эле оппозициянын катарына өттү. Ал азыр Баткендеги окуялар үчүн Камчыбек Ташиевди катыра сындап, Садыр Жапаровдон анын отставкасын талап кылууда.

Мурда ал бир нече жыл “Замандаш” партиясын жетектеп келсе, жакындан бери “Туран” партиясына лидер болуп алдв. Жеңиш мырзанын лидер деген аты болгон менен иш жүзүндө “Замандашты” башка бирөөлөр башкарышчу, “Турандын” артында деле башкалар тургандыгы жашыруун эмес. Молдокматовдун тили такылдактыгынан улам аны айрым күчтөр козутушуп, көкүтүшүп, шыкакташып, өз кызыкчылыктарына гана пайдаланып келатышат. Эгерде азыркы бийликтегилер ага дурусураак кызмат беришкенде өз ташпишинен башы чыкпай, саясатка деле аралашпай калмак. Болбосо Мадумаровго окшоп дүжүр комментатор боло берет. Бирок, канча ич күптүсү, канча ишке ашпаган амбициясы болсо да азыркыдай кыйын кезеңде конструктивдүү жолду тандап, элди сабырдуулукка, ынтымакка, биримдикке чакырса дейбиз. Баткендеги окуялар боюнча үч комиссия иштеп атат, дагы жаңылары түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан Жеңиш мырза ашыкча күйпөлөктөнө бербей, паровоздун алдына түшүп алып жүгүргөндөй болбой, алардын иштеринин жыйынтыктарын күтө турганы оң.

 Мирлан Дүйшөнбаев