"Бышкан ашка сынчы көп" дейт эмеспи. Анын сыңарындай чек ара маселесинин оор түйүнүн мамлекеттин бүтүндүгүнө, элге зыянын тийгизбей чечүү максатында иш алып барып жаткан бийликке сын айткандар көп. Алардын бири Жеңиш Молдокматов. Бир убактарда жарандык активист болуп ортозаар ойлорун жарыялап жүргөн адамдын кандайча саясатчы боло калганы табышмак. Бир эсептен таң калыштын деле кереги жок, азыр бизде дээр, билим, тажрыйба, акыл арткы планда калып, чолок пикирин уялбай ортого салгандын баары өзүн саясатчы сезет. Ошол сыяктуу өзүн "саясатчы" санаган Жеңиш Молдокматов ким? Ушул суроого жооп издеп көрөлүчү.
Бул киши көп жылдан бери саясатка аралашууга аракеттенип, ар кайсы партиялардын катарында жүрдү. “Замандаш” партиясынын төрагасы болуп, парламенттик шайлоого аттанганын көпчүлүк билсе керек. Шайлоо алдындагы жарышта өлкөнүн келечегине күйгөн адам болуп, көп жакшы максаттарын жарыялап, гүлдөгөн, ынтымактуу, биримдиктүү мамлекет курууга салымын кошоорун жакшы эле убадалаган. Бирок 6-октябрдагы окуяларда чыныгы жүзү суу үстүнө калкыды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жандап, түрмөдөн чыгарууга кошула барып, жанында жүргөнү, эртеси борбордук аянтка ээрчий келгени, мурдагы президенттин бузуку максатына багытташ экенин аныктады. Маркум Мухтар Өмүракуновдун жакшы элеси үчүн “Замандашка” жан тарткандар Молдокматовдун кылыгы үчүн уялып, кечээ эле башка сөз сүйлөгөн адамдын тереңинде такыр башка максат бардыгын байкабай калышканына таң калышкан. Ушул окуя себеп болдубу же башка жүйөөсү барбы, айтор андан кийин тез эле Молдокматов партиянын төрагалыгынан түштү. Ушуну менен активисттин чоң саясатка жол издөөсүнө тосмо коюлгандай сезилген, бирок “Туран” партиясы негизделип, ага жетекчи болуп чыга келди. Активисттин максаты, багыты эл биримдигин, ынтымагын бекемдөө эмес, эл ынтымагына ажырым салып, мамлекетти экиге бөлүү, чагымчылдык кылып, эл менен бийликти бири бирине тукуруу экени жогоруда айтып кеткендей 6-октябрдагы окуялардан кийин айкын болгондуктан, жетекчилигине ушундай адамды алып келген “Турандын” түптөлүүдөгү максаты күмөн ойду жаратпай койбойт.
“Туранга” жамынып алып, өзүн дасыккан оппозиционер көрсөтүп, ар кайсы окуяларга пикирин билдирүүнү өнөр кылып алды. Кечээ президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жолдоп, бир катар чагымчылдык пикирин билдирген. Ал өзү түшүнбөгөн маселеге башын тыгып, эптеп эле эл менен бийликтин ажырымды тереңдетүүнү каалаганы билинип турат. Мына ушул билдирүүсүнөн анын эл-жер үчүн күйгөн адам эместиги, кандай кырдаал катуу кыйкырган жеңишке жетет тактикасын колдоноору айкын болду. Сын айтаардан мурун билим-тажрыйбасын кеңейтип алса жакшы болот эле. Оппозиция болууга, сын айтууга билимдин да, тажрыйбанын да кереги жок, үн катуурак чыкса болду деген түшүнүккө байланбай.