Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 198

"Туран" саясий демократиялык партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов акыркы учурда чек арага байланышкан маселелерде пикирин билдирүүдө. Анын пикирлери бир жактуу, бийликке каршы маанайда. Соцтармактарда анын билдирүүлөрү ар башка кабыл алынып жатат. Алардын бири бул:

"Өзүн таза, жаш саясатчы катары көрсөткүсү келген Жеңиш Молдокматов деген бирөө бар. Кайсы бийлик келбесин этегине эрмешип, төшөк болуп төшөлүп, кошоматтын коюн союп жатып калат. Эгерде эле бийлик анын кылыгын кабыл албай койду дегиче оппозиция болуп чыга келет. Жаштайынан жагалданып жаман көнгөн "жаш шакалдардын" сап башында. Бул жигиттин сымаптай куюлуп, өтө туруксуз экенин кечээ эле көрдүк го. Тагыраагы 2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду жандап, буту үзүлгөнчө чуркаганын өзү деле тана албаса керек. Анан октябрь окуяларында Атамбаевга жабышып Ала-Тоо аянтына келгенин баарыбыз эле көрбөдүкпү. Бүгүн Жеңиш ким? Өзүнчө эле каадалуу сүйлөп оппозиция. Неге? Себеби, эл колдоп келген, достуктун бийик үлгүсүн көргөзгөн достор Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бул жигиттин "шуркуялыгын" билип, жандарына жакын жолоткон жок. Анан эле бул эрен кылдан кыйкым издеп, кыйкырып чыкты. Популисттиктин да чеги болуш керек! Артынан ээрчиген алты киши жок, айкыргандан не пайда? 6-апрелде Атамбаев менен колтукташып,  алганыңды эл унутту деп жатсан терең жаңыласың. Эсиң барда, этегиңди жый!"