-Мамат агай, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын чыгышына, “бийликте турган азаматтар күнөөлүү” деди. Бирок чек арада кандуу окуянын чыгышына өзүнүн дагы тийешеси бар, ал учурунда Тажикстан тарапка стратегиялык мааниси өтө чоң участокту берүү тууралуу меморандумга кол койгон дешет. Эгер андай болсо андай адамдын бүгүн акыл айтууга моралдык укугу барбы?
-Мен эч кимдин тарабында эмесмин. Азыр менин айылыма, туугандарыма баруу коркунучтуу болуп калды. Ортобоз айылынын Кок-Терек бөлүгүндө 17 үй күйгүзүлүп, талкаланып, элдин мүлкүн, малдарын тажиктер алып кетишиптир. Туугандарым ( Марданов Зикир, Ганы ) туулуп өскөн үйгө авиа бомба түшкөн экен жарылбай калыптыр. Бул жерде Мадумаровдун да күнөөсү өтө чоң. Чоң территорияны, Жака -Өрүктүнү тажиктерге берип койгон. Бекер бербесе керек... Ал эми Камчы, Баткен, Лейлек районундагы бүгүнкү абалга тиешеси барларды аныктоо боюнча жеңил айтканда, комиссия түздү. Эми текшерип, күнөөлүүлөрдү аныктаганда көрөбүз.