- Качкын агай, кыргыздар тажиктерге каршы ок атпай, маселени тынчтык жол менен чечүүгө бел байлаганы эрдикпи же алсыздыкпы?
- Тажиктер согушууну максат кылышканына карабай кыргыз бийлиги жана күч түзүмдөрү тажиктерге карата ок атпай, маселени сүйлөшүү жолу менен чечкени чыны менен эрдик болду. Эгер согуш ачылганда ал узакка созулуп, мындан да көп жоготуу болуп, кыргын болмок. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин кылган амалы менен тактикасынан улам узакка созулган согуш болбой калганын, Баткен эли эле эмес, дүйнө эли да баалап жатат. Эгер чындап согуш уланып, биздин жетекчилер да тажиктерге тиешелүү жообун беребиз десе эки мамлекет тең бири-бирине күнөөлүү болуп калмак. Өз турмушу менен алек болуп, тынч жашап жаткан элди кырып, үйүн өрттөп, мал-мүлкүн талап кеткени үчүн азыр тажиктерди дүйнө жүзү агрессор деп тааный баштады. Ал турсун Тажикстандан кеткен тажиктер өздөрү Эмамолини сындап, туура эмес кадам жасаганын айтышууда. Кыргызга кылган кыянатчылыгы үчүн Эмамоли кызматтан кетет. Буюрса, ага санкция жарыялана турган шарт түзүлдү, креслосу кыймылдай баштады. Ал эми баскынчылыгынын азабын тартат. Тажиктердин кол салуусунан каза болгондорду тирилте албайбыз. Бирок, талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап стилдеги үйлөр салынып, тажиктер койгон өрттөн жапа чеккен айылдар өнүгөт. Элибиз кудай буюрса, жакшы жашоого ээ болушат.
- Эмнеге алар маселени согуш менен чечүүгө аракет кылышты?
- Тажиктер ачкөз болуп, көзү тойбой жатат. Буга чейин деле жерлерибизди алган. Элинин саны көбөйүп бараткан үчүнбү же ачкөздүктөрү ашынып кеткенби эми суубузга да ээлик кылууга аракет кыла башташыптыр. Ошон үчүн амал менен болсо да, күч колдонсо да, ок атсак да ээлик кылып калалы деген амалдарды жасашты.
- Эмнеге тажиктер кыргыздарга үстөмдүк кылууну максат кыла башташты?
- Анткени, жеке кызыкчылыктын айынан буга чейин толгон-токой кантрабандалык жол менен Тажикстанга жер-жемиштен баштап, күйүүчү май, жер семирткичтерге чейин өтүп жаткан. Аны бажычылар менен чек ара кызматы көзөмөлдөп турушкан. Алар кыргызстандык бизнесмендердин кызыкчылыгын байкап калышып, “биз кыла берсек болот, булар бизге көз каранды экен”- деген максатта басым көрсөтүү максатында согуш ачып көрүштү. Чынында чек арадагы бардакты биздин өзүбүздүн күч органдары кылышкан да. Жеңиш Раззаков УВДнын башчысы болуп, кийин биринчи вице-премьер-министр болгондо деле контрабанданы көзөмөлдөгөнү үчүн маселе чеччү эмес. Тагыраагы, акчага кызыкканы үчүн чек араны тактап, маселе чечкенге кызыккан эмес. Жаңы бийлик контрабандалык системаны түзүп койгондордун азабын тартып жатат. Булардын баарын ордуна коёбуз деген аракетине тажик тарап каршы чыгып, согуш менен болсо да үстөмдүк кылып, көз арткан жерлерибизди күч менен болсо да тартып алабыз деген максатта элибиздин тынчтыгын бузушту.