Кечээтен бери интернетте уу-дуу болуп, “Камчыбек Ташиев тажиктерден эч нерсе сурабайбыз деди, өлгөндөрдүн кунун доолабайт экен”,- деп тим эле жер сабап атышат. Мунун баары чымындан пил жасап, айтканын бурмалап ийген кабарчылардын кесепети болду.

Чындыгында, Камчыбек Ташиев: “ - Тажикстан тарапка чыгымдын бир бөлүгүн көтөрүп бер деп кайрылбайбыз, биздин өзүбүздүн күчүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз жетет, өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз менен биз өзүбүздүн элдин үйлөрүн курабыз. Эгерде кайсы бир убакта Тажикстан кылган иштерине өкүнүп, жардам берем деп, биз ошол кылган зыянчылыкты толтуруп беребиз деп кайрылган болсо, биз аны карайбыз. Бирок азыркы күндө биз Тажикстандан жардам бер деп суранбайбыз”,- деп атат....

Кана албайбыз дегени? “Азыр суранбайбыз” деп атат. Эмне, суранып жалдырап алабызбы биз чыгымдарыбызды? Эшикте 21-кылым. Биз алардан мыйзамдуу түрдө соттошуп, он эселеп төлөттүрүп алабыз. Кантип эле Ташиев өлгөндөргө кун доолабай калсын. Ал өмүрү өткөнчө, акыретте да мунун кунун сурап жүрүп өтүп кетсе керек. Ансыз да иши чачынан көп болуп араң турган кишини тепселей берүү кимдерге ырахат тартуулап атат билбейм. Чындыгында азыр анын кызматта турганы укмуштуудай коркунуч болуп атат тажиктерге. Отко май чачпай тургула!!

Чолпон Байзакова