Учурда Европада жашап жүргөн, Тажикстандын оппозициясынын бозгундагы лидери, Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабири кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу билдирүү жасады.
Анда ал эки өлкөнүн элин ынтымакка чакырып, акыркы жаңжалга бийлик, саясатчылар күнөөлүү экенин айткан.
“Мен бардык тажик тараптан да, кыргыз тараптан да курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Бул жерде кыргыз элинин да, тажик элинин да кымындай күнөөсү жок деп ойлойм. Айып чек ара маселесин ушул убакка чейин чече албаган, чечүүнү каалабаган саясатчылар менен дипломаттарда. Алар бул маселен улам кийинкиге калтырып, эки тарап тең популизм менен алектенип, жеке кызыкчылыгын көздөп келген. Эгер алар ушул убакка чейин маселени чечүүнү каалаган болсо, эбак эле чечилмек”, - деген.
Кабири тажиктер жарандык согуш учурунда кыргыздардын жакшылыгын унутпай турганын баса белгилеп өттү.
“Кыргыз жана тажик эли кылымдар боюнча жанаша, кошуна жашап келе жатышат. Тарыхыбыз, маданиятыбыз жана динибиз бир. Тажик эли, анын ичинде жеке мен, дегеле жарандык согушту башынан өткөргөндөрдүн баары тажиктердин элдешүү сүйлөшүүсү Бишкекте өткөнүн унутпайт. Эң оор күндөрү кыргыз эли миңдеген тажиктерге башпаана бергенин унутпайт. Кыргызстандын ал кездеги президенти Аскар Акаевдин апасы каза болгон учур эле. Ал тажиктер протоколго кол коймойунча апамды жерге берүүгө уруксат бербейм” деп туруп алган. Тажиктер ынтымакка келмейинче апасынын тажыясына барган эмес. Ал үчүн, кыргыз эли үчүн тажиктердин тынчтык сүйлөшүүсү абдан маанилүү болгон. Биз муну эч качан унутпайбыз жана унутпашыбыз керек”, - деди.