Адахан Мадумаров деген ким? Ооба, ал саясатчы, бирок ошол эле учурда Баткендин Ак-Сай айылындагы бир нече гектар жерди тажиктерге өткөрүп берүүгө катышкан адам. Эми Баткен, Лейлек райондорунда жер талаштын, суу талаштын айынан кандуу кагылышуулар болгондо элди сабырдуулукка, биримдикке чакыргандын ордуна бийликтегилерди табалагандай сындап жаткандыгы эң эле орунсуз болууда. Ал башка маселелер боюнча адатынча какшаса да Баткенге келгенде тилин тишине басып, унчукпай турса жакшы болмок. Анткени, ал жакта чек ара маселесинин оорлоп кетишинде анын да салымы, үлүшү бар.
Эмне үчүн күтүлбөгөн жерден кандуу окуялар келип чыкты? Алар кимдердин күнөөсүнөн улам болду? Ал кокустуктан жаралдыбы же айрым ички, тышкы серепчилер тынбай жазып жатышкандай, сырткы айрым күчтөр тарабынан алдын ала пландалган беле, булар тууралуу сөзсүз иликтөөлөр, изилдөөлөр болот. Бир нече ирет болушу да мүмкүн. Текшерилип, тескелгенден кийин бардыгы айтылып, саясый укуктук баалар берилет. Ага чейин Адахан Кимсанбаевич бир жактуу бийликти күнөөлөп, айыптай бербей турса жакшы болмок. Анткени, азыр бирөөлөрдү сындап, саясый упай алуу эмес, эл үчүн кыйратылгандарды, өрттөлгөндөрдү тезирээк калыбына келтирип, ар жактарга баш паанектеп жүргөндөрдү үй-жай менен камсыз кылуу, күндөлүк тиричиликтик маселелерин чечүү маанилүү болуп турат. Эгерде саясатчылар бири-бирин айыптаганга өтүп кетишсе, анда ага тажиктер гана сүйүнүшөт.
Адахан Кимсанбаевич мурда Түрк биримдиги уюмунда иштеп келген, аздыр-көптүр байланыштары бар. Биз андан ички ыйкы-тыйкыларды коё туруп, Баткендеги окуяларга түрк тилдүү мамлекеттердин, элдердин көңүлдөрүн бурдурууну суранат элек. Бизге баарынан да түрк тилдүү мамлекеттердин Тажикстандын агрессиясын айыптап, гуманитардык жардамдарды бергени маанилүү болуп турат. Тилекке каршы, азырынча бул багытта жылыш болбой жатат.
Инжилде “всему есть свое время” деп айтылат. Анын сыңарындай, азыр ич күптүлөрдү эмес, сабырдуулук, ынтымак, биримдик жөнүндө сөз кыла турган убак экендигин унутпасак.
Мирлан Дүйшөнбаев