“Ак калпак” саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев 2018-жылы 14-декабрда “Майдан.kg” газетасына маек берип, мындай деген:

“- А.Мадумаровдун кандай адам экенин элдин баары билет. Оозу менен орок оргондон башка колунан иш келбейт. Мына ал - төрт жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды, андан тышкары бийликтин жогорку тепкичтерин ээлеп келди, мамлекеттик катчы, спикерликти аркалады.

Спикер болуп турган убагында Кыргызстанга зыяндан башка пайдасы болбоду, Казахстанга төрт пансионатты өткөзүп берүүгө салым кошту, Каркыра жайлоосу да анын тушунда ратификацияланып, коңшуларга берилип кетти. Мамлекеттик катчы болуп турганда идеология тармагында бир да жумуш жасаган жок, эл эсинде анын: “эл семирмейин, мен да семирбеймин”- деген гана популисттик сөзү калды.

Курултай багытында анын заар сөзүн чачып сүйлөп чыкканында да мандем бар. Бул адам өзү башында туруп, 2016-жылы дал ушундай курултайды Орус драм театрында уюштурууну колго алган учурда, Мадумаров башкы докладчы катары жыйын башталганда келбей, баарын уяткарганы унутула элек. Ошондо эле ал курултай уюштуруу колунан келбей турганына көзү жеткен. Биз чуркап жүрүп уюштурсак, ичи күйүп кетти окшойт. Анан эле өзүн сүйлөсө укмуш адам көрсөтөт. Курултайга келип катышкан адамдардын да Мадумаров тууралуу ойлору көп. Мына карасаңар, ар дайым ал элди жийиркенип карап сүйлөйт, эмне болсо эле анын оюнча эл күнөөлүү. Шайлоолордон өзү, партиясы өтпөй калса эле элди “сатылды, көрөңгөсү тайыз”- дегендей маектерди берет. Башкасын мейли тек эле коелу, ой, Адахан Кимсанбаевич, сизди төрт жолу депутат кылган туулган жериңизге бир түп терек тигип койдуңуз беле? Сизди мынчалык көтөрмөлөгөн элден айлансаңыз болот! Ооз көптүрүп сүйлөгөндүн да чеги болот! Анын курултайга келе албагандыгынын дагы бир себеби бар. Эшер билсеңиз, ал апрель баатырларын “жырткычтар”, “наркомандар” катары мүнөздөгөн. Буга таарынган баатырлар да курултайга барарын билип, мурда айтан кебинен уялып, басып келе албай, минтип сасык сөздөрдү жайылтууда.

Сөз башында Мадумаровдун колунан иш келбейт дедик го. Бул сөздү учурунда журт башкарган Курманбек Бакиев айтып чыккан, “мына бакылдаган Мадумаровуңурга жумуш берип койсок, колунан эчтеке келбейт экен”- деп. Адахан мырзага ошондуктан азыр айтып коюу милдет – элди күнөөлөй берген кемчонтойлукту токтотсун, эгерде ага кыргыз эли жакпаса, анда өлкөдөн чыгып кетип, башка жактан өзүнө жаккан эл таап алсын! Бирок кыргыз элин мындан ары шылдыңдашына жол бербейбиз! Чындыгын айтканда, Мадумаровдун азыркы арманы бир гана нерседе – бийликке катуу каршылык көрсөтүү менен өзүнө маянасы көп кызмат соодалап алуу. Атамбаевдин тушунда да көрбөдүкпү. Эртең бийлик жакшыраак сөөк ыргытып койсо – күчүккө окшоп шыйпаңдап жетип барат”.

2,5 жыл мурда айтылса да, У.Маматаевдин Мадумаровго берген мүнөздөмөсү азыркы чагына да дал келип турганын карасаң...