Ачыгын айтканда, Камчыке операциядан кийин дарыгердин кароосунан дагы эки айдан кийин өтүшү керек болчу. Бирок, жоктон шылтоо таап, эки күндүн биринде элди митингге чыгарып аткан бузукулар менен алышып жүрүп, үч айдан ашык өтүп кеткен...
Акыркы күндөрү жүрөк тушун мыкчылап калган. Ошондо да эч кимге билгизбей Кемпир-Абадка барып элге жолугуп, андан кийин учуп кеткен дарыланууга...
Мына ошол, жаңы бийликтин чек араны чечүү аракетине каршы чыккан ички душмандар кечээки окуялардан соң бул маселени создуктуруунун кесепети кандай болорун жакшы эле түшүнүп калды деп ойлодук эле.
Башкасы болбосо да, чек арада жашаган адамдардын кандай кыйынчылыкта жашап жатканын Ташиев эл аралап, барып жүргөн адам катары жакшы билет.
Ошондуктан, тоскоолдуктарга карабастан, ден соолугуна да карабастан күнү түнү ушул ишти аягына чыгаруу максатында иштеп жатты. Кечээ тажиктер басып киргенде согушту токтотууда Камчыбек Ташиевдин ролу чоң болду. Аны эл көрүп турду.
Эми болсо жоо кеткенден кийин ичтен чыккан ийри жыландар арам оюнду дагы баштады. Бул чектен чыккандык, адамдын ден-соолугунан да саясат жасап жатышат. Бирөөсү Камчыкеге окшоп эл тынчтыгы үчүн жан үрөп койдубу? Ошол фейк аркылуу сөз аткан шумпайлар эр экен, ачык чыгып сын айтпайбы? Же тили менен буудай кууруй бербей, элге кошулуп Баткенге барбайт беле? Булардын колунан андай келбейт. Ачык дагы чыга алышпайт. Алар керек болсо кырдаалдан пайдаланып бийликти оодарууну эңсеп келишет.
Тажик бийлигинин көксөгөн максаты эмне? Ташиев алардын тамагына тыгылган кылкан. Андан арылыш керек. Биздин ички душмандар менен алардын ою бир жерден чыгып жатканын карагыла!
Алар баскынчылык кылып атканда, Бишкекте болсо элди алдап чыгарып, провокация жасап, бийликти басып алууга аракет жасашканы жалганбы? Эмнеге жанталашып жатышат?
Ошол бузукулардын бирөөсү точно чек арадагы жерлердин туура эмес берилип кеткени боюнча жоопко тартылып калаарын билип, туйлап жатат....
Бул азырынча айта турган сөз... Арам оюндары токтобосо, аты жөндөрун кошуп, ачык жазууга аргасыз болобуз.
Кыскасы, эл уулдарынан колуңарды тарткыла! Чабышкынар келеби, масканы чечип, ачык чыккыла!!!
Чолпон Байзакова